Айыл маданияты өнүгүү жолунда
Адеп,ыйман жана маданият жылына карата учурда районубуздагы ар бир айыл аймакта маданий иш-чаралар жаз алды менен алгылыктуу өткөрүлө баштады
«Айыл жарчысы» (Бакай- Ата району)
№ 4, 15.032017
Адеп,ыйман жана маданият жылына карата учурда районубуздагы ар бир айыл аймакта маданий иш-чаралар жаз алды менен алгылыктуу өткөрүлө баштады. Атай кетсек 6-март күнү Миң-Булак айыл аймагынын маданият үйүндө 5-март «Ак калпак» күнүнө карата «Ак калпак көрсөң кыргыз деп бил» аталыштагы маданий иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын алкагында маданият , китепкана кызматкерлери менен мектеп окуучулар тарабынан бирге даярдалган концерттик программа иш чарга келген конокторго тартууланып, ак калпактын тарых таржымалы тууралуу маалыматтарды беришти. Өткөрүлүп жаткан иш-чарага келген айыл эли маданият кызматкерлеринин кылган ишин баалашып, мындан ары дагы ушундай иш аракеттер көбүүрөк болсо деген ой-максатын билдиришти. Ал эми Миң-Булак айылдык маданият үйүнүн башчысы Бообек Курманкулов менен маектешип айылдык маданият үйүнүн абалы жана элге кылган кызматты тууралуу маалымат алдык.
-Бообек ага учурда маданият үйүнүн абалы аянычтуу абалда болуп, имаратты эскирип, кайрадан жаңылоо керек болуп турган экен, ушул негизде кандай аракеттер көрүлүп жатат?
-Ооба, чындыгында биздин айылдагы клубтун имараты союз маалында курулуп, ушул убака чейин жартылуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн ушундай абалда турат. Ал эми имаратты жаңылоо боюнча мамлекетке кайрылып жатабыз, кыргызда «Сокурдун тилегени эки көз» деген макал барго ошол сыяктуу биз дагы имаратыбыз жаңыланбаса да оңдолуп калар деген үмүттө күтүп жатабыз. Жогорудагы макалды мен эмнеге айттым, биринчиден биздин айылдык мектеп 20-кылымдын биринчи чейрегинин башында курулган мектеп, ал жерде эч кандай маданий иш чараларды уюштурууга шарт жок болгондуктан маданият үйүнө өткөрүүгө мажбур болушат. Экинчиден айыл элинин жыйындары ушул жерде өткөрүлөт жана башка ушундай көйгөйлөр абдан эле көп. Жылытуу системасына кайрыла турган болсок ал дагы бир өзүнчө бир көйгөй. Жыйындардан сырткары шайлоо, референдум дегендер да ушул имараттын ичинде өткөрүлөт.
-Жакшы, демек айылдагы маанилүү иш чаранын бардыгы ушул жерде өткөрүлөт турбайбы, ал эми айылдан сырткары, мисалы республикалык, областык деңгээлдеги ырчылар заманбап тил менен айтканда жылдыздар келишип, айыл элине концерттерин тартуулашабы?
-Андайлар эми, саналуу болбосо аймагыбызга келген ырчылардын көпчүлүгү биздин айылга токтошпойт. Себеп маданият үйүнүн абалы, шарт жоктугу. Көбүнчө белгилүү артистер келгенде айылыбыздын эли Ак-Дөбөгө же Бакай-Ата айылдарына барып көрүп келишет.
— Ак калпак күнүнө карата иш чара өткөрдүңөр быйылкы жылдын эсебинен алгачылары болсо керек? Алдыда дагы кандай пландар бар?
-Ооба быйылкы жылдын алгачкы иш чарасы болду, эми буйруса алдыда дагы көп иш пландардар бар, биз маданият кызматкерлери болгондуктан айыл элинин маданиятын көтөрүү, даңазалоо биздин милдет болуп саналат. Албетте бирок жалгыз эле биздин колдон келе бербейт, ошондуктан жалпы журт менен бирге иш алпарууга туура келет. Буйруса быйылкы жылга карата иш пландарыбыз арбын десек болот. Дагы бир учкул сөзгө токтоло кетсем «Маданияты жок эл болбойт» деген сөз таамай так айтылган сөз десек болот. Чындыгында жөнөкөй нерсенин да маданияты болот.
-Былтыркы жылы Тарых жана маданият жылынын негизинде кандай иш чаралар уюштурулду эле?
-Былтыркы жылга карасак мурдагы жылдарга караганда көбүрөк иш чараларды уюштурдук майрамдардан тышкары, районубуздагы айыл аймактарда болуп өткөн сармерден, мектеп жааматы, аялдар кеӊеши менен биргеликте бир топ иштерди жасадык. Эми чындыгында маданият десе эле ыр –бий менен чектелип калбайта, маданияттын дагы башка бөлүктөрү бар, биз ошолорду алып чыгууга аракет кылып жатабыз. Буйруса быйыл былтыркы жылдагыдан да көбүрөк пландар коюулуп жатат. Ошол пландарыбыз иш жүзүнө ашырып алсак аябагандай зор жетишкендик болот деген ишенимдебиз.
-Рахмат Бообек ага ишиңиздерге ийгилик.
-Силердин жааматыңарга да рахмат.
Р.Темиралиев
Жаны комментарийлер