Айымдар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө
“Ысык-Көл кабарлары” (Ысык-Көл облусу)
Өткөн жумада Каракол шаарында Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын активдүү айымдары катышкан тегерек стол жыйыны болуп, ал элеттин өнүгүүсүндө аялдардын ролун жогорулатууга арналды.
Тегерек столго Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова, АРИС уюмунун аткаруучу директорунун орун басары Майрамбек Баялиев катышты.
Иш-чаранын максаты элеттеги айымдардын активдүүлүгүнө баа берүү менен аны андан ары өнүктүрүү, алардын аракетин жогорулатуу болду. Мында ошондой эле, өткөн жылдагы иштер менен келечектеги пландар талкууланды.
Элмира Үсөнова аядардын коомдогу ролун жакшыртууну пландаган бул иш-чара инвестицияларды тартып келүүгө өз пайдасын тийгизе турганын айтып, бул жыйындын аймакты өнүктүрүүдөгү ролу чоң экенин белгиледи. “Бүгүнкү тегерек столдо активдүү айымдар долбоорлорду кантип иштеп чыкса болот, кайсы багытта иштөө керектигин үйрөнүп, билим алууда. Бул алардын коомдогу ролун жогорулатат, кулк-мүнөзүн өзгөртүп, өз мүмкүнчүлүктөрүнө болгон ишенимин арттырууга көмөктөшөт. Андыктан, мындай окуулар элеттик айымдар үчүн өтө маанилүү”,-деп билдирди.
АРИС уюмунун Ысык-Көл району боюнча эксперти Чолпон Кубатбекова иш-чарага ар бир айылдан экиден активдүү айымдар чакырылганын билдирди. “Алар бүгүн биздин долбоор менен кандайча иш алып барып атканын көрсөтүүдө. Карап олтурсак, айыл аймактарда көп иштер бүткөн. Мына ушул иштердин бардыгын АРИС жергиликтүү коомчулуктар менен биргелешип аткарды”,-дейт.
Ак-Суу районундагы Качыбек айылындагы бала бакчанын башчысы Элмира Султанбаева: “Айыл аймагыбыздагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө биз АРИС долбоору менен бирге иштедик. Акыркы эле жылдарды айта турган болсом, Качыбек айылына 11 миң долларлык спорт залдын долбоору жазылып, ал ишке берилди. Аны ишке ашырууда аялдардын ролу да чоң болду десем, жаңылышпайм”,-деген оюн айтты.
Тегерек столдо дайын болгондой, аялдар жалаң эле социалдык көйгөйлөргө көңүл бөлбөстөн, жайыт жерлерин жакшыртуу, айылга таза суу киргизүү маселелери боюнча да бир катар иштерди аткарган. Карапайым калктын муктаждыгын аркарууда демилгечилердин жазган долбоорлорунда көйгөйлөрдү туура чагылдырып жазууда айымдардын ролу чоң. Андыктан, 2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата АРИС аркылуу Ысык-Көл облусунун аймагында бир нечелеген долбоорлор ишке кирген.
Маселен, Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында 100 орунга ылайыкталып курулган мектепке чейинки билим берүү мекемеси ишке кирип, айылдыктардын негизги муктаждыгы чечилген. Ага 28 миллион сом акча каражат жумшалса, анын 23 миллиону АРИС тарабынан каржыланган. Калган сумманы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду, айыл өкмөтү, жергиликтүү айыл эли кошкон.
Баардык шарттары бар бул заманбап балдар бакчанын тарбиячысы Рахат Сариева долбоор жазган күндөрдү эскерип: “Баланын калыптануусунда бала бакчанын ролу өтө чоң. Андыктан, эң башкы максатымдын бири айылыбызда бала бакчанын ачылышы болчу. Биздин биринчи көйгөй ушул эле. Биз аны чечүүнүн көп жолун издедик. Долбоор менен иштөө оңой эмес. Анан аны АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоорунун 3-этабы менен ишке ашырууну туура таптык. Кудай жалгап, долбоорубуз ишке ашты. Мурда бала бакча жок кезде наристелерибизди кошуна айылга алып барчубуз. Ал жакка деле көп болсо 10 бала барчу. Азыр бөбөктөр жарык, таза, ыңгайлуу шартта тарбияланып атат”,-деп билдирди.
Буга чейин АРИС менен активдүү иштеген облусубуздагы аялдар менен мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору боюнча аялдардын чакан топтору үчүн бизнес пландоо тренингдери өткөрүлүп келген. Ал жергиликтүү коомчулуктарында жакырчылыктын деңгээлин азайтуу жана экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүүнү максат кылган. АРИСтин жигердүү аракетинин натыйжасында облусубуздагы айыл өкмөттөрдө кайра жандануу болуп, бир катар айылдарда спорт зал, бала бакча, мектеп жана ФАПтардын ачылышында да бул уюмдун салымы бар.
Эрмек Танабаев
Жаны комментарийлер