АРАВАНДА КОНСОЛИДАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
Араван районундагы А.Анаров атындагы айыл аймагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) «Агрогоризонт» долбоорунун алкагында жеке ишкер Аваз Абдурахимов менен өнөктөштүктө жашылча-жемиштер үчүн консолидациялык борбор ачты.
“Ош жаңырыгы” (Ош облусу)
№ 24, 17-июнь, 2017-жыл
Борборду ачууга Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Айтибаев, АКШнын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гоултни, айыл аймак башчылары, ЮСАИД уюмунун кызматкерлери жана ММК өкүлдөрү катышышты.
Иш-чарада алгач Араван райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Курбанбек Айтибаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Араван районунун дыйкандары үчүн мындай борбордун ачылып жатканына кубанганын жана бул борбор аркылуу дыйкандардын өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууга толук шарт жаралганына токтолду. Андан соң, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гоултни бул борбор аркылуу Кыргызстандын түштүгүндөгү дыйкандар бирге иштешүүгө мүмкүнчүлүк жаралганын жана АКШ өлкөсүнөн мындай жардамдар бериле берээрин айтып өттү.
Аталган консолидациялык борбор азырынча КРнын түштүгүндөгү эң чоң борбор болуп эсептелет. Анын жылына картошка, пияз, сабиз, редиска жана кызылча сыяктуу 30 000 тонна тамырдуу жемиштерди тазалап, сорттоп жана таңгактоого мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми кампасынын сыйымдуулугу 1000 тонна же 6000 кубметр. Борбордо 20 адам жумуш орду менен камсыз болушкан.
Назгүл ӨМҮРЗАКОВА.
Жаны комментарийлер