«Ата-Журт» (Лейлек району)

Жаңы бала бакча курулууда

Исфана шаар мэриясына караштуу Самат айылында 70 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Капсула салуу аземине район акими Б. Бекмуратов, шаар мэри А. Анарботоев, ошондой эле Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы Б. Тагаев, шаардык Кеңештин депутаты Б. Максутов жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Музейдеги мумия жерге берилди

Жакында Баткен жергесиндеги Кара-Булак айылынын Мактым-Гөрү көрүстөнүнөн археолог Юрий Баруздин тарабынан табылып, тарых музейине өткөрүлүп берилген кыздын мумияланган денесин 63-64 жылдан соң кайрадан жерге берүү расми тууралуу бүгүн дуу-дуу сөз жүрүп жатат.

Улуу инсандын эскерип

25-октябрь күнү Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, КРнын Эл Баатыры И. Раззаковдун 107 жылдыгына карата митинг болуп өттү

“АС-САФАГА” АЛКЫШ

Исфана шаарынын 1 жана 2-кичи райондун 10 миңден ашуун калкы таза суу менен камсыздалды.

ДОСТУК БЕКЕМДЕЛЕТ

Өткөн аптада В. И. Ленин атындагы орто мектебинде Кулунду жаштар борборунун жаштар жана коомчулук менен кандай иш алып бара жаткандыгын  райондук деңгээлде жайылтуу максатында тажрыйба алмашуу боюнча семинары  болуп өттү.

ТАЛАСТЫК БООРДОШТОР КУШ ЫСЫМДУУ ЛЕЙЛЕКТЕ

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан демилгеленген облустардагы маданият күндөрүн биринчилерден болуп баштап барган Баткен облусунун чыгармачыл өнөрпоздорунун өнөрлөрүнө шыктанышкан таластык туугандар 10-11-август күндөрү Баткен облусуна сапар алышты.

КЕҢ ТАЛАСТЫН БООРУНДА

2-3-август күндөрү Баткен облусунун Талас облусундагы маданият күндөрү болуп өттү. Атагы ааламга, даңкы далайга тараган Таласты Манас атабыз жөн жерден жердебеген тура. Ар бир сайынан Күркүрөөдөй суу аккан, алтын топурак аймак эли районубуздун өнөрпоздорун агынан жарылып тосуп алышты.

ЛЕЙЛЕК — КЕЗЕКТЕГИ КОЛЛЕГИЯ

2017-жылдын 6 айы үчүн пландагы салык жыйноодогу 92 млн. 312 миң сомдун ордуна, 92 млн. 363 миң сомго же план 100,1%га аткарылды.

КАЙРАГАЧ-КУЛУНДУ-АРКА ЖОЛДОРУ АСФАЛЬТТАЛУУДА

Интернационал айылынын борбордук көчөлөрүнө асфальт жайып жаткан жумушчуларга жалпы Кулунду аймагынын эли ыраазы. Анткени бир топ жылдардан бери оор жүк унааларынын каттамынан жолдор бузулуп, жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын кыймылына кыйла эле кыйынчылык жараткан болчу.

ЛЕЙЛЕКТЕГИ “АК ЧЫЙЫР” БАЛДАРДЫН БИЛИМ БОРБОРУ 1-СЕНТЯБРГА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

Районубузда ата-энесинен ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мындан эки ай мурда курулушу башталган балдардын билим борбору, буюрса 1-сентябрда жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилери айтылууда. Учурда төрт корпустан турган бул билим уясы 315 окуучуга ылайыкташтырылып, жатакана, ашкана, спорт аянтчасы бар заманбап шарттары менен дээрлик аяктоо алдында турат.

Редакциянын аталышы:   “Ата-Журт”

Тираж: 2300

Мезгилдүүлүгү:  айына 2 жолу

Дареги: Баткен областы, Лейлек району,

Исфана ш., Кошмуратов к.,

Байланыш: (03656) 50201

Башкы редактор: Дооров Абдилаат Алиевич