«Аялдар коомдо зор күч»
Кабар» газетасына кыргыз кызы Дариха Ишанованын «Кыргыз качан кыздарына бөлөк улуттан айгыр салып, тукумалды эле?» аттуу макаласы жарык көрүптүр
№ 35-36 , 3-октябрь 2016-жыл.
«Кабар» газетасына кыргыз кызы Дариха Ишанованын «Кыргыз качан кыздарына бөлөк улуттан айгыр салып, тукумалды эле?» аттуу макаласы жарык көрүптүр. Анда бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелери козголуптур. Муну мен учурдун эң зарыл маселеси катары кабылдадым жана өз убагында көтөрүлүп жатат деген ойдо калдым. Чындыгында өтө курч мүнөздө жазылган бул макаланы Дариха кызыбыз эмес, эркектер козгошу керек болчу.
Макаланын автору Россиянын Екатеринбург шаарында жашап жана иштегендиктен, өзү көрүп, билип жүргөн жагдайлардан улам ушул көйгөйлүү маселени козгосо керек.
Бизче айтканда миграцияда жүргөн кыргыз кыз-келиндерибиздин турмушу тууралуу ачуу чындыкты жазып, эркектердин ар намысын козгоп, чучугуна жеткире айтайын деген көрүнөт, ал максаты толугу менен ишке ашыптыр. Аны окуган соң, мени да оор санаа басып, көптөн бери ич күптү болуп жүргөн ойлорумду сыртка чыгарууга, колума калам алып, макала жазууга түрткү бергенсиди.
Ооба, базар экономикасы элдин турмушуна кирип келген соң, калктын жашоосунун багытын түп-тамырынан өзгөртүп жиберди. Мунун эң эле оор шыбагасы энелер менен аялдарга тийди бейм, кыргыздын тукумун улоочу уул-кызды төрөп, анын тарбиялоочусу катары үйдүн куту болуп отуруучу айымдарыбыз турмуш-тиричиликтин айынан базарга чыкмайга, ишиздеп, алыскы, жакынкы өлкөлөргө тентип кетмейге өтүштү.
Кыргыздын сатирик акыны Мидин Албаев айтмакчы убагында «Аялдар коомдозор күч» болчу.
«Аял-эне. Адамзат тукумун улоочу. Аялзат кашарт түзгөн өлкөнүн келечеги бар. Алар бала төрөп, улуттун тукумун улайт», — дечүбүз. Чын эле ошондой болчу.
Убагында Каныкей, Жаңыл Мырза, Айчүрөк, Кыз Сайкал сыяктуу баатыр кыздары эл коргосо, Курманжан датка, Уркуя сыяктуулары эл башкарган. Совет доорунда болсо, аялдардан илимди нкандидаттары, докторлору чыккан. Зууракан Кайназарова, Т. Сагымбаевага окшогон эмгек баатырлары, Б. Каримова, Ж. Түмөнбаевага окшогон партиялык ишмерлер элге кеңири таанымал болушкан. Т. Адышева, З. Сооронбаева, А. Айтбаева, Т. Адышева окшогон аял жазуучулардын чыгармалары басма сөз беттерине басылып, окурмандар кызыгып окушкан.
Аялдар мекеме, иш каналарда өз адистиги боюнча эркектер менен бара бар калк кызматын өтөшүп келген. Азыр мугалимдер менен дарыгерлердин дээрлик 80 пайызына ялдар түзүп калды. Чарбаларда иштешип, тиричилигин өткөргөндөрү андан көп болчу. Кыскасы, алар иштебеген өкмөттүк мекемелер менен иш каналар жок эле.
Ошого карабай, бала төрөп, анысын тарбиялап, эрезеге жеткирчү. Каала-каала бабул маселе аялдардын башкы милдетине кирчү.
Тизмегин улантсак узакка уланчу мындай кыргыз кыздарыбыздын ордун басуучулардын бүгүнкү тагдыры жанды кейитпей койбойт.
Ооба, коом өзгөрдү. Базардын мыйзамы менен жашап калдык. Бирок, аялдарды тентитип жиберип, үйдө бала карап, аялдык милдетти мойнуна алып алган эркектерге не дейсиң! Жигиттик ариет, намыс кайда калды?..
Айлана-чөйрөбүзгө сереп салып көрөлү. Азыр аялдарыбыз «үйдүн кожоюну, балдардын атасы» болгон эркектерди үйгө отургузуп коюп, базарга аттанышканы жалганбы?!. Сереп салсак, үй-бүлөнү багуу милдетин чын эле аялдарга жүктөп койдук. Алар базарда отуруп алып, колуна эмне тийсе, анысын сатып, тыйын-тыпыртапканга өттү. Сабиз саткан да, картошка мененжер-жемиштердин сатып отургандар да аялдар.
Мындан да жаманы, бала-чакасын айылдагы ата-энесине, жакын туугандарына таштай коюп, акча табуу үчүн Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө барууну адатка айландырышты. Албетте, мындай кадамга тиричиликти оңдойлу деген максат менен барышууда деңизчи. Бирок, анын натыйжасы балдардын тарбиясынын бузулушуна алып келүүдө.
Эң жаманы турмуштун эмне экенин али биле элек жаш кыздарыбыз мектепти бүтөр замат чет жерлерге барып калышы болууда. Бул жагынан Кыргызстан баарынан алдыда болсо керек. Каныкей, Айчүрөк, Курманжан Датканын урпактары Россияга, Аравияга, Конгого, Германияга, айтор, адам жашаган беш материкке барып калып, айрымдары сексуалдык кулчулукка айланышкан. Турмуштун айынан чет элдик бай адамдын этегин кармап кеткендери да жок эмес.
Андайлар башка улуттун санын көбөйтүшүүдө. Маселен, бир кызыбыз футболчу Д. Тетеге баш кошуп кетти. Ушундан улам улутун, түсүн ылгабай турмушка чыгып жатат дегенди айтар элем.
Ошентип мөлтүрөгөн сулуу кыздарыбыз чет өлкөдө кор болушууда. Намыстуулары көчө шыпырып, кафелерде идиш-аяк жууп, ажатканаларды тазалап, башка улуттардын баспай калган абышка-кемпирлерин багып, бок-жинин тазалап, алган арзыбаган акчасын ата-энелерине, балдарына салышууда.
Кыргыздар илгертеден эле кыздарына кыл жугузбай, сыйлап, урматтап багып, тарбиялап келишкен. Алар элибиздин башына келген оор күндөрдө да мындай кыйынчылыктарга дуушар болгон эмес. Башка улуттарга караганда кыздарыбыз эркин, кысымчылык көрбөй чоңоюшкан. Ал эми ислам динибизде эркек адал эмгеги менен үй-бүлөсүн, аялын татыктуу багыш керек делет. Аял болсо эркектин тапканын сарамжалдуу пайдаланып, негизги көңүлдү балдарга буруп, аларды тарбиялоого алуусу зарыл экендиги айтылат. А азыр тескерисинче болуп калды. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Азыркыдай болуп кыргыздын тукуму булганбашы үчүн ата-эне, коомчулук, мамлекет чара көрүүсү зарыл.
Жагдайдын ушундайча болуп кете беришинин арты эмне менен бүтөрүн элестетүү кыйын. Ушундан улам айрым кыргыз интеллигенттери: «Кудуретиң жетсе, эки аял ал»,- деп бекеринен айтышпагандыр. Бүгүнкү кыз-келиндерибиздин абалын көрүп, билген соң, күйгөнүнөн ушинтип айтып жаткандыр?!.
Эгер кыргыз аялдары өз өлкөсүндө жүрүп, эмгектенишсе, алардын арасынан не деген окумуштуулар, илимпоздор, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин чыкканына күбө болмокпуз. Деги коюңузчу, не деген үй-бүлөнүн очогун кызытчу назик аялдарыбызга аваз кылмакпыз.
Ачуу чындык болсо да айта кетели, ушинтип кете берсек, улутубуздун улуттук касиетине закакетерианык.
Ташбай Нажимбаев
Жаны комментарийлер