Баласы үчүн эне жазаланабы?
Эне 10 бала төрөп эрезеге жеткирип чоңойткондон кийин ,балалуу-чакалуу болгондо баласы кылмыш жасаса эмне үчүн эне¬си жазаланып “Баатыр эне” укугунан ажырап калыш керек?
№16-17 (703355), 13- июль, 2016-жыл
“Бала деп согот жүрөгүм,
Бала деп жашап жүрөмүн
Бел байлап мындан ары да,
Бала деп өмүр сүрөмүн”
-деген бул ыр саптары айткандай кайсы эне болбосун бала үчүн өмүрлөрүн арнап жанын курмандыкка чалганга да даяр. Ошол эне балдарын чоңойтуп эрезеге жеткирип келечекке жол ачып жакшы адам болсун деп тилейт. Кайсыл эне баласын бейбаш, жаман болуп өссүн десин. Баласы чоңойгондо жаза тайып кылмыш кылса бечара эне күнөлүүбү?
Он бала төрөп бир баласы соттолуп кеткени үчүн өкмөттөн эч наам ала албай калган эне редакцияга келип арыз-арманын айтып олтурду. Муңайым жүзү санаага баткан Коконбаева Келсинбү эже эмнеге нааразы болгонун мындайча баяндап берди:
— Көк-Ой айылында жашайм. 10 бала төрөп, 37 жашымда жесир калып балдарымды жалгыз өзүм тарбиялап өстүрдүм. Учурунда Талас совхозунда 25 жыл бою алдыңкы саанчы болуп иштедим. Мен уй сааганда 2 уйду катар тургузуп алып 4 эмчегин 2 колум менен саап планды ашыгы менен төкчүмүн. Ошол эмгегим бааланып, өкмөттөн медаль алдым, бир нече ардак грамоталардын ээси болгом, мунусуна шүгүр. Бирок, 10 баламдын ичинен бир балам бейбаштык менен менен соттолуп кетти. Ошол баламдын азабынан мен өкмөттүн бир барак сыйына да ээ болбой калдым. Бул тууралуу акимге, айыл өкмөткө, социалдык бөлүмдөргө, акыйкатчыларга да, кыскасы, бутум жеткен жерге чейин баарына арыздандым. Айлам кетип, мейли жок дегенде “Баатыр эне” орденин бербесеңер да, 7 балалууларга берген “Эне даңкы” медалын бергиле деп да сурандым. Эч ким менин үнүмдү укпай коюшту, жада калса “Энелер күнүндө” да көңүл бурушпай койду.
Келсинбү апанын арызданганын туура деп эсептейм. Себеби эне 10 бала төрөп эрезеге жеткирип чоңойткондон кийин ,балалуу-чакалуу болгондо баласы кылмыш жасаса эмне үчүн энеси жазаланып “Баатыр эне” укугунан ажырап калыш керек? 10 баланы иттей тиштеп багып, өстүргөнү үчүнбү? Балким өкмөтүбүз “Баатыр энелерге” колдоо көрсөтүп социалдык жактан жардам берип турушса стимул болуп көп балалуу болгондордун саны көбөйөт беле. Коңшуларыбызды карап, сарасеп салалычы, мисалы, өзбек калкынын саны 32 миллион, казак калкынын саны 18 миллион, ал эми тажик туугандарыбыздын калкынын саны 8 миллион болсо биз араң 2015-жылы 6 миллионунчу бала төрөлдү деп сүйүндүк. Балким биз ушинтип ырыс кесер болуп, балканактай балдарды төрөп өстүргөн энелерди сыйлабаганыбыздан, өкмөтүбүз акылга сыйбаган кур мыйзамдарга таянып, апалардан алакандай кагазын аяп жаткандан Кудай тарабынан жазаланып жаткан жокпузбу?!
“Баатыр эне” сыйлыгын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырууда президент тарабынын кол коюлуп атайын токтом чыккан. Анда 6 балалуу энелерге “Эне даңкы” сыйлыгын берүү, жети баладан көп балага “Баатыр Эне” сыйлыгын тапшыруу белгиленген. Акыркы 3 жылдан бери май айынын акыркы апталарында “Энелер Күнү” белгиленип, энелер үчүн көңүл бурулуп, айыл өкмөттөрдө Энелер Күнү белгиленип келүүдө.
29-июнда өткөн парламенттик жыйында өз пикирин айтып кеткен депутатыбыз Н. Нишанов Баатыр энелерге жылына бир жолу 5000 сом жөлөк пул берүү уят деген пикирин билдирип: “Россияда экинчи баласын төрөгөн энеге 200 миң рубль беришет, үчүнчү төрөлгөн баласына андан да көп. Ал суммадагы акча энеге төрөгөнү үчүн гана берилет экен. Биз дагы энелерди сыйлап, Баатыр энелерге жөлөк пулду берүүдө жакшы мамиле кылуубуз керек. “Эне даңкы” медалынын ээсине, “Баатыр эне” орденин алганда гана жөлөк пул берген жарабайт. Тескерисинче, энелерге стимул берип турсак жакшы болмок” – деген. Депутатыбыздын бул демилгеси ишке ашса деген тилектемин. Ылайым ушундай элдин сөзун сүйлөгөн депутаттар көбөйсө экен, оозуна талкан куюп алгансып олтурушпаса экен!
Учурдан пайдаланып депутаттардан суранып кетет элем, “Эненин бир баласы соттолсо , ага “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары берилбейт” деген жобону депутаттарыбыз жокко чыгарып койсоңуздар, миңдеген энелердин ак батасын алат элеңиздер. Себеби, баласынын кылмышы үчүн эне жазаланбашы керек. Туура сөз Кудайга жагат дешет, бул пикир коомчулукта колдоого алынып, биздин сунушубузду көңүлүнө алып, Жогорку Кеңештин трибунасында сүйлөп чыга турган депутаттар болот деген ишеничтемин.
Жаны комментарийлер