БЫЙЫЛ – ЫЙМАН, АДЕП ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫ: АЙЫЛЫМ АЛТЫН БЕШИГИМ Улан АПСАТАРОВ: «ЖАШТАРГА КАМ КӨРҮҮ — БАШКЫ МИЛДЕТ»
Бизде эң чоң көйгөй — суу маселеси. Азыр айылдыктар сууну ташып ичишет. Ошол суунун маселесин чечүү максатында Кароол-Дөбө айылына суу тартып келүүгө 15 млн сом каражат жумшалды
«Ысык-Көл баяны» (Ысык- Көл району)
№5, 30.03. 2017-жыл
Тоо койнунда жайгашкан касиетүү Кароол-Дөбө жана жаркыраган Жаркынбаев айылынан не деген таланттар чыккан эмес. Кыргыз мамлекетин түптөгөн тунгуч Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Ж.Абдрахманов, Советтер Союзунун Баатыры Казак Жаркынбаев КРнын Эл акыны, көрүнүктүү прозаик, таланттуу котормочу жана драматург Эрнис Нурдинович Турсунов, белгилүү акын Жолдошбай Абдыкалыков ж.б. чыккан.
Жаркынбаев айылы күңгөйлүк Саяктан чыккан Чиркей уруусу негиздейт. Алар менен бирге Бообуй жана Белек уруусу да эриш-аркак болуп, ынтымакта ушул күнгө чейин жашап келишет. 1960-1970-жылдарга чейин аталган айылдын 30-40%ын Европа улутундагы: орус, украин, немец элдери түзүп, ынтымактуу жашашкан.
Мында айылдын эли алгач Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарынын чегинде 18-20-кылымдын башында жашашкан. 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында азыркы турган жерине көчүп келе башташкан. Алар Таш-Булак, Кызыл-Таш, Атамкулу жана Ачык-Таш коктуларынын этектерине жана көлгө жакын жээктерге мал багып, эгин эгип, арпа, кара таруу айдашып, ар ким өз алдынча жана колунда бар адамдарга жалданып иштеп, күн кечирип келишкен.
1914-жылы айыл түптөлгөндө биринчи эркек наристе төрөлүп, ал азыркы мектептин атын алып жүргөн Казакбек Маматов эле.
1920-1930-жылдары жерди жолдоштук иретинде иштетүү (ТОЗ), колхоз уюштуруу жана айыл кеңешин түзүүдө белгилүү комузчу, санжырачылар Чалагыз Иманкулов, Мамбет Карабалаев, Тилекеев, Суранов, Давлетбаев деген адамдар сырттан келишип, чоң салымдарын кошушкан экен.
Аталган айылдын чегинде төрт колхоз уюшулган: балык чарбасы- «Каменка» артели, «Коммуна» колхозу Таштак айылында, ал эми «Ийгилик» колхозу, азыркы Кароол-Дөбөдө өзүнчө чарба болгон. Бул чарбаларга Арефьева, Прокопьев, Таранчиев, Кожоев, Жаркынбаев, Орузбаев, Серкебаев айылдан чыккан колхоздун алгачкы башкармаларынан болушкан. Алардын көпчүлүгү Бишкектеги жарым жылдык башкармалардын курсунан окушкан.
Бул айылга сабатсыздыкты жоюуга Асылбаев Асан, Шадыканов Акматаалы, Субанбаев Молдосаалы, Маматов Казакбек жана Токтосунов Жунуш сыяктуу алгачкы мугалимдер чоң салым кошушкан.
Мына ушул айылда аткарылып жаткан алгылыктуу иштер туурасында Абдрахманов айыл аймагынын башчысы Улан Апсатаров менен баарлаштык.
— Абдрахманов айыл өкмөтү былтыркы жылы кандай жетишкендиктерге жетти?
— Былтыр, биринчиден, «Тарых жана маданият жылы» деп жарыялангандан тартып, биздин айыл өкмөт ар кандай иш чараларды алдыга коюп, аны ишке ийгиликтүү ашырдык. Алсак, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн, айылыбыздын тарыхын теле аркылуу байма-бай берип жаттык. Ошондой эле, былтыр +ркүндүн 100 жылдыгына карата Тоңго барып, Көк-Сай айылында куран окуттук. Муну менен катар, Көчмөндөр оюнуна активдүү катышып, аны жогорку деңгээлде, ынтымакта бирге өткөрдүк.
Экинчиден, Казакбек Маматов атындагы мектебибиздин эскилиги жетип, ал мектептин жанына жаңы эки кабаттуу мектеп курулуп жатат. Андан сырткары, Кароол-Дөбө айылындагы Жалий Бейшекеев атындагы мектептин чатыры жана айланасын курчоого 221,5 миң сом сарпталса, мектептин эшик, терезелерин алмаштырганга 667 миң сом жумшалды. Ошентип, биз окуучуларга жана мугалимдердин иштөөсүнө жагдай түзүп берүүдөбүз.
«Ден соолук — биринчи байлык» — демекчи, айылыбыздагы жайгашкан ФАПты капиталдык ремонттон өткөрүп, андагы эмгектенген медиктерибизге да жардам берип турабыз.
Айылыбыздын жаркын үмүтү, келечеги болгон жаш бөбөктөрүбүзгө да бала бакча ачууну колго алып, анын котлованы казылып, ага 4 млн сом жумшалмакчы. Азыркы күндө бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө.
— Негизи айыл өкмөттөрү донорлор, ар кыл долбоорлор менен биргеликте иштеп, натыйжа көрсөтүп келет. Силер кайсы долбоор менен иш жүргүзөсүңөр?
— Биздин айыл өкмөт АРИС менен тыгыз байланышта иш алып барабыз. Элеттиктердин ишин жеңилдетүү максатында, 2015-жылы жер айдоого арналган шаймандар (стригальный машина, раскол, оградка, роторный чөп чапкыч, жем тарткыч, пресс-подборщик ж.б.) 1,5 миллион сомго сатылып алынды. Бул да болсо биз үчүн аздык кылат. Аракет кылып башка долбоорлор менен тыгыз иштешүүгө бел байлап, долбоор жазууга аракет күч.
— Ар бир айылда өзүнүн муктаждыктары бар эмеспи. Силердин көйгөйлөрүңөр эмнеде?
— Бизде эң чоң көйгөй — суу маселеси. Азыр айылдыктар сууну ташып ичишет. Ошол суунун маселесин чечүү максатында Кароол-Дөбө айылына суу тартып келүүгө 15 млн сом каражат жумшалды.
— Айылда жаштарга кандай жумуш орундары түзүлгөн?
— Айылдын жаштарын жумуш менен камсыздоо маселеси курч болууда. Аларга жумуш түзүп берүү максатында көптөгөн ойлорубуз бар, болгону аларды ишке ашыруу. Учурда тигүүчү цех ачылган. Андан башка, пескоблок чыгаруучу цехибиз бар, анда 10 жумушчу иштейт. АЗСте 4 киши эмгектенет. Албетте, көпчүлүк жаштарыбыз Россияга жана башка жактарга жумуш издеп кетип жатышат. Аларга жумуш орундарын түзүп берүү — биздин милдет.
— Бүгүнкү күндө банктар тарабынан ар кандай насыялар берилип келет. Дегеним, кредит алып, ишин өркүндөтүп жаткандар да жок эмес. Буга сиздин ой-пикириңиз кандай?
— Колдон келсе, элдерге айтаарым, бул кредиттерди албай деле коюшса болот. Кредит алып, үйүн алдырып ийгендер, бир кредит алып, дагы башкасын алып, андан кутула албай жүргөндөр бар. Насыя алганда аны максаттуу пайдалануу зарыл.
— Нооруз майрамын айылда кандай майрамдадыңар?
— Нооруз майрамында мектептин жанына боз үй тигилип, дасторкон даярдадык. Айылдын айымдары көжө жасашты. Жаркынбаев айылында 7 ууру эл бар. Алар: Албан, Арбото, +күтай, Сөлпү, Бөбүй, Төлөйкан, Белек. Мына ушул уурулар кезек-кезеги менен майрамдатып, анын урматына жылкы союшат. Ошондой эле, Кароол-Дөбөдө да уурулар арасында ынтымагы бар.
МАЕКТЕШИМ ТУУРАЛУУ
АПСАТАРОВ Уланбек, 1960-жылы Таштак айылында төрөлгөн. 1967-жылы Таштак орто мектебине кирип, 1977-жылы бүтүргөн. 1977-жылдан 1982-жылга чейин КГИФКны окуп, аны ийгиликтүү бүтүргөн. 1982-83-жылдары Түп ДЮСШда футбол боюнча тренер, Ананьеводогу №82 кесиптик-техникалык окуу жайында дене тарбия мугалими.
1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарында Ленинградда кызмат өтөгөн. 1985-жылы Ысык-Көл курорторгдо комсомолдун катчысы. 1986-1989-жылдары «Энергетик» пансионатында директордун орун басары. 1989-1998-жылдары Жаркынбаев орто мектебинде дене тарбия мугалими. 1998-жылдан баштап жеке ишкер. Айылдык кеңештин 2 жолку депутаты, 2008-жылдын октябрь айынан бери Ысык-Көл райондук кеңешинин депутаты. Айылдын экономикалык-социалдык, спорттук мелдештерине жана уюштуруу иштерине, ошондой эле, коомдук иштерге спонсорлук жардамдарын берип турат. +й-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.
Жазгүл УРМАМБЕТОВА,
«Ысык-Көл баяны»
Жаны комментарийлер