“Даамдуу” билим
Мектеп окуучуларын тамактандыруу күч алып мурдагыдай чай, нан, печенье менен гана чектелбестен, кадимки тамактар менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө.
№7
14-апрель, 2017-жыл
Мамлекетибиз мектеп жашындагы окуучуларды колдоо максатында 1-4-класстар үчүн шашке чай уюштурууну 2010-жылы колго алган эле. Андан берки өткөн убакыттардын аралыгында мектеп окуучуларын тамактандыруу күч алып мурдагыдай чай, нан, печенье менен гана чектелбестен, кадимки тамактар менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө. Муну менен башталгыч класстардын окуучулары акыл-эске азык алышып, сабак учурунда курсагын ойлобой, билимге умтулуусуна шарт түзүлүп келүүдө.
Бүгүнкү күндө Чаткал районунда 19 мектеп болсо, алардагы 1-4-класстарда жалпысы 2256 окуучу билим алып, тарбияланышат. Алардын шашке чайына мамлекеттен койгон баасы 10 сомдон болсо, ага кошумча демөөрчүлөрдүн колдоосу менен андан ашык каражатка ысык тамактар уюштурулууда. Учурда райондогу 10 мектепте 1737 балага шашке чайында ысык тамак берилип жатат.
Райондогу мектептерде негизинен 2015-жылы Терек-Сай орто мектеби менен С. Байдөөлөтов орто мектеби дүйнөлүк Азык түлүк программасына балдарга ысык тамак берүү максатында “Мектепте тамактандырууну оптималдаштыруу” программасына долбоор жазышып колдоого алынган. Анын негизинде БУУ ДАТП бул мектептерди заманбап эмеректер менен камсыз кылышып, бул эки мектеп 4100 долларга ашкана эмеректери менен камсыздалган. Андан тышкары балдардын санына жараша байытылган ун менен камсыздалып, меморандумга кол коюлуп, ал мектептерде ашпозчу деген штат бирдиги чечилип рационалдуу ысык тамактарды жасап берүүгө шарт түзүлгөн. Андан тышкары ашпозчуларга атайын семинар өткөрүлүп, окуучуларга тамак даярдоонун атайын ыкмалары окутулган.
Убакыт өткөн сайын райондун башка мектептеринде да окуучуларга шашке чайын берүү жакшырып, күндөн-күнгө адамга жагымдуу даамдуу тамак-аш берүү ыкмасы жолго коюла баштады. 2014-2015-окуу жылында “Мерс и Ко” тарабынан Жалал-Абад областында пилоттук болуп районубуздагы Чаткал айыл өкмөтүнөн С. Мырзалиев, Т. Жаналиев, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн М. Исмаилов, Терек-Сай айыл өкмөтүнөн Б. Камчыбеков, Сумсар айыл өкмөтүнөн Сумсар, Гагарин орто мектептери ар бир мектептин ашпозчуларына жашаган жеринин акысын, жол киресин төлөп беришип, Бишкекте атайын окуучуларга сапаттуу тамак даярдоонун ыкмалары окутулуп, сертификат берилген. Ал эми жогорудагы мектептерге ушул эле уюм тарабынан баланын санына жараша буурчак, ун, май, күрүч бир окуу жылына ылайыкташтырылып 2014-2015-2016-окуу жылдары берилип келген. Кийин “Мерс и Ко” колдогон долбоор бүткөндүгүнө байланыштуу 2016-2017-окуу жылында бул мектептерде балдарга ысык тамакты берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында ата-энелердин демөөрчүлүгү аркылуу ысык тамак берүү улантылып келе жатат.
2016-2017-окуу жылында С. Байдөөлөтов орто мектебинин 1-4-класстарында окушкан 207 окуучуга 4 күн ысык тамак, 1 күн нан азыктары берилет. Ата-энелерден демөөрчүлүк колдоо катарында айына ар бир окуучуга 60 сомдон топтолот. Терек-Сай орто мектебинде 121 окуучуга айына 100 сомдон ата-энелерден топтолуп, 5 күн ысык тамак берилет.
БУУ ДАТПтын бешинчи агымында Башкы-Терек орто мектебин долбоорго киргизүү максатында Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан мектептин ашканасы 35 миң сомго ремонттолуп жана айыл аймагынын 114 миң 200 сомдук каржылык колдоосу, ошондой эле БУУ ДАТПтын колдоосу аркылуу ашканага керектелүүчү эмеректер алынып, 2017-жылдын 15-мартынан баштап Башкы-Терек орто мектеби да дүйнөлүк Азык-түлүк программасына киргизилип, балдарга тамак-аш бериле баштады. Ар бир беш күндүк окуунун бир күндүгүндө ата-энелер азыктарды камсыздап беришет. Ал эми ДАТП тарабынан байытылган ун берилип турат.
М. Исмаилов орто мектебинде 106 балага 4 күн ысык тамак, 1 күн кондитердик азыктар берилет. Ата-энелерден айына 50 сомдон топтолот. С. Мырзалиев атындагы орто мектебинде 5 күн ысык тамак берилип, ата энелерден 50 сомдон айына топтолот. Т. Жаналиев атындагы орто мектебинде 195 балага 5 күн ысык тамак берилип, ата энелер тарабынан күнүнө 8 сомдон кошумча топтолот. Б. Камчыбеков атындагы орто мектебинде 149 балага ысык тамак берилип, ата-энелерден айына 100 сомдон мектептин камкордук кеңеши тарабынан топтолуп турат. Сумсар орто мектебинде 214 башталгыч класстардын окуучулары бар. 100 сомдон айына ата-энелерден топтолуп, балдарга 2 күн сүт азыктары буурчак шорпо, аш, булочка берилип турат. Гагарин орто мектебинде шашке чайын ичкен 286 окуучу бар. Ата энелерден 100 сомдон айына топтолуп, 2 күн сүт азыктары, булочка, какао, кампот берилет.
Азыркы учурда БУУ ДАТПтын 7-агымына башталгыч класстардын окуучуларын тамак-аш берүү үчүн А. Айымбетов, Чымканаев, А. Баймырзаев атындагы орто мектептеринде долбоорлор даярдалып, жөнөтүлгөн. БУУ ДАТПтын колдоосуна алуу үчүн А. Айымбетов жана Чымканаев орто мектептеринде ысык суу, ашкана бар, ал эми А. Баймырзаев атындагы орто мектепте ашкана жок болууда. Эгер жергиликтүү бийлик тарабынан талапка ылайыктуу шарттар түзүлүп берилсе. бул мектептер да шашке чайын да тамак менен берүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Ал эми учурда Чакмак-Суу типтүү мектеби, К. Акназаров, Кайың-Суу, Ж. Ташикеев, А. Баймырзаев, Б. Шерматов, К. Усупбеков мектептеринде ашканалары ысык тамак даярдоого талапка ылайык болбогондуктан, беш күн чай, кондитердик азыктар мыйзамда көрсөтүлгөн 200 граммдан берилүүдө. 2016-жылдын май айында “Мерс и ко” тарабынан уюштурулуп, жол киреси менен жатаканасы бекер болуп, мектептердеги ар бир ашпозчу, медайым, ата-эне Жалал-Абадда балдарга ысык тамак берүү ү боюнча конкурска катышып, райондогу С. Мырзалиев атындагы орто мектеби областта биринчи орунду жеңип алып, муздаткыч, доска, кострюль, сковородкаларды сыйлыкка алышкан.
Б. Дилдебаев.
Жаны комментарийлер