Жакында жаз келет
Баткен облустук «Баткен таңы» гезити
Абдугапар Аскаров, Кыргызагробиоборбордун Баткен регионалдык Биофабрикасынын агроному:«Биз дыйкан, фермерлердин ишин илгерилетебиз»
Баткенде бак-дарактарга, жер-жемиштерге олуттуу зыян келтирүүчү зыянкечтерди жок кылуучу биофабрика иштеп жатат. Бул биофабриканын артыкчылыгы химиялык жол менен эмес табигый жол менен жаратылышты дарылайт. Кыргызагробиборбордун Баткен регионалдык Биофабрикасынын директорунун орун басары А.Аскаровдун берген маалыматтарына караганда, Биофабрика өндүргөн препараттар өсүмдүктөрдү зыянкечтерден арылтууга жана түшүмдүүлүктү арттырууга жардам берет. Учурда Биофабрикада 2 өсүмдүктөрдөгү ылаңдарга каршы, 4 өсүмдүктөрдөгү зыянкечтерге каршы препараттар өндүрүлөт. Облус аймагындагы дыйкандарга, ишкерлерге, фермерлерге Биофабриканын ишмердүүлүгүн тааныштыруу максатында семинар экскурсия уюштурулду.
-Бүгүнкү семинар экскурсияны уюштуруунун негизги максаты эмнеде?
— Алдыбызда жазгы талаа иштери башталаар алдында турат эмеспи. Баткен Бизнес Ассоциациясынын JIA «Биз өнөктөшбүз» долбоорунун алкагында Баткендеги Регионалдык Биофабрика ишканасына экскурсия уюштурду. Иш-чараны уюштуруунун негизги максаты химиялык жол менен эмес экологиялык жол менен продукцияларды алууга үгүттөө. Анткени, биздин Биофабрика тууралуу калктын көпчүлүгүнүн маалыматы аз, биле бербейт. Бул багытта Биофабриканын кызматтары менен колдонуу, ага үгүттөө максаты менен бүгүнкү жолугушуу экскурсияны уюштурдук.
Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү иш-чара Биофабрика ишке берилгенден бери алгачкы жолу сминар экскурсия иретинде уюшулуп жатат. Бирок, биздин жасаган иштерибиз, продукцияларыбыз жөнүндө дыйкандарга жерине барып да, жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу да маалымат берип келебиз.
— Байкашыбызча жолугушуунун катышуучуларынын көпчүлүгү дыйкандар окшойт…
— Ошентсе да болот. Негизинен биз жолугушууга атайын Айыл чарба департаментинин өкүлдөрүн, ишкерлерди, дыйкандары, деги эле дыйканчылыкка, айыл чарбасына кызыккан жарандардын баарын чакырганбыз. Андан тышкары, биздин ишибизге кызыккан жөнөкөй адамдар да келишти.
— Бүгүнкү семинар экскурсия натыйжасын берет деп ойлойсуздарбы?
— Албетте. Анткени, биз былтыр эки дыйкан чарбасы, башкача айтканда «Баткен-Кызыл Жол» жана «Кыргызстан Кызыл-Кыя» үрөнчүлүк чарбалары менен пилоттук негизде кызматташканбыз. Натыйжасы биз күткөндөн да жакшы болуп, буудайдагы түшүмдүүлүк жогору болуп, кара көө жоголду. Жалпы эле кылкандуу дан эгиндериндеги түшүмдүүлүк 25%га жогорулаганын айта кетсек болот. Бул семинарды быйыл да үрөн чарбалар, дыйкан чарбалар менен иштешебиз, тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз деген максатта өткөрүп жатабыз. Натыйжасын берет деп ишеним артып турабыз.
-Иш-чарага ишкерлер айыл чарба багытындагылар жана кызыккандар Биофабриканын иш чөйрөсү менен толук таанышып чыгышты. Ошентсе да, сиздердин Биофабрика айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн өндүргөн биопрепараттар тууралуу да айта кетсеңиз.
— Негизинен бизде, биолигнин, триходермин деген препараттар өндүрүлөт. Биолигнин эгиндин өсүүсүн күчтөндүрсө, триходермин бактериалык оорулар менен күрөшөт. Андан тышкары, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоочу эндемифактын 4 түрү да өстүрүлөт.
1. Габробракон- өсүмдүктөгү ар кандай курттарды жок кылат.
2.Трихограмма- чымын-чиркейлерди жок кылат.
3.Амблисейус жана Афелинус-трипс кенелерди жок кылуучу.
4. Алтын көз-өсүмдүк
Жаны комментарийлер