Ишеним телефону иштей баштады
Дин маселелери боюнча маалыматтык-консультативдик борбордун ишеним телефону сиздердин чалууларыңызды күтөт!
«Ноокат таны» (Ноокат району)
14-январь 2017-жыл №1-2
Өткөн жылдын 13-декабрынан баштап өлкөбүздүн башкалаасында алгачкы ирет жарандарга диний мүнөздөгү ар кандай маселелер боюнча консультативдик кызматтарды көрсөтүүгө багытталган дин маселелери боюнча көз карандысыз “Ишеним телефону” маалыматтык-консультативдик борбор иштеп баштады.
Аталган Борбор ишеним телефонуна келип түшкөн сурамдарга же Борбордун адистери (теолог, юрист, психолог) менен жеке жолугушуу учурунда жарандарга дин маселелери боюнча маалымат жана консультация берүү максатында бейөкмөт уюмдун техникалык колдоосу менен ачылды.
Каалоочулар 1592 кыска номуруна чалуу аркылуу дин маселелери боюнча маалымат жана консультацияларды ала алышат. Мындан тышкары, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин имараты, 2-кабат, 245-кабинет дареги боюнча жайгашкан Борборго келип адистердин консультативдик жардамына, укуктук жана психологиялык колдоосуна ээ боло алышат.
Жаны комментарийлер