Карт тарыхты камтыган Нооруз
Байыртадан кылым карыткан Нооруз күнүндө күн менен түн теӊелип, бул күндү элибиз кубанычтуу тосуп алып, шаӊдуу маанайда майрамдашты.
“Чүй Баяны” (Чүй облусу)
№10 24.03.2017
Ар бир мезгилдин ар башкача убагы бар эмеспи.Ошондой эле быйылкы жазды чыдамсыздык менен күтүп, кыштын ызгаарынан, суугунан аман-эсен чыккан элибиз эми жазда айын сагынып күтүп турушкан кези. Илгерки бабалардан калган “Өлбөгөн адамга да жаз келет” дегендей дыйкандарыбыз, элибиз күткөн жаз кирип келди. Токмок шаарынын тургундары эртеӊ мененки суукка карабастан бала-бакыралары менен майрамдын башталышын чыдамсыздык менен күтүшүп,бирок аны аягына чейин кызыгуу менен көрүштү.
Байыртадан кылым карыткан Нооруз күнүндө күн менен түн теӊелип, бул күндү элибиз кубанычтуу тосуп алып, шаӊдуу маанайда майрамдашты. Токмок шаарындагы С.Ибраимов атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамы кызыктуу жана көӊүлгө толорлук өткөрүлдү. Майрамдын уюштуруучулары аянтка жасалга камылгасын көрүшүп, өзүнүн көрүүчүлөрүн жана конокторун кучак жайып тосуп алды. Көӊүлдү көтөргөн шаӊдуу музыка жаӊырып, Умай эне аластаган соӊ мектеп окуучуларынын, бала бакча бөбөктөрүнүн жана студенттердин концерти, театрлаштырылган сахнада оюн коюлуп тартууланды. Шаардын ишкана, мекеме жана уюмдардын жетекчилери эмгек жамааттары менен биргеликте Ноорузга келишкен. Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Т. Казаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Кудайбергенов, Токмок шаарынын мэри Ж.Шамыралиев, шаардык кеӊештин төрагасы Т.Солтобаев шаардыктарга куттуктоо сөзүн айтышты.
Алгачкы куттуктоо сөз Чүй облусунун губернатору Б.Кудайбергеновго узатылды:
— Ардактуу мекендештер! Сиздерди жазгы баар менен кошо келген, күн менен түн теӊелген табият кубулушун камтыган, чыгыш элдеринин Жаӊы жылы болгон Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктайм. Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик көз каранды эместигине ээ болгон жылдардын ичине Нооруз биримдиктин, ынтымактын жана бейпилдиктин майрамы болуп калды. Байыртадан бери эле Нооруз майрамынын күндөрүндө таарынычтар унутулуп, чырдашып калган кошуналар жарашып, ал тургай согуштар да токтолуп келген. Коомдун гүлдөп өнүгүшү илимдин, техниканын өсүшүнө гана эмес, ошол коомдо жашаган адамдардын бири-бирине жасаган мамилелерине, рухий дүйнөсүнө жана маданиятына да байланыштуу болот эмеспи. Биз бири-бирибизге жакшылык каалап, дилибизди тазартып, күрдөөлдүү эмгегибиз, биримдигибиз, ынтымак-ырашкерлигибиз менен алга карай барсак, ишибиз да илгерилейт. Сиздерге чыӊ ден соолук, тынчтык, бак таалай, бакубат жашоо каалайм. Нооруз ар бир үй-бүлөгө бейпилдик алып келсин, маанайыӊыздар жарык, дениӊиздер сак, ишиӊиздер ийгиликтүү болсун. Элибизге бак-дөөлөт, жерибизге береке берсин. Айдан аман, жылдан эсен бололу, деген каалоосун билдирди.
Ал эми Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Т.Казаков төмөнкүчө куттуктоосун айтты:
— Арбаӊыздар ,Токмок шаарынын жакшылары! Биздин ата-бабаларыбыз нечен кылымдар бою ушул улуу күндү аябай ыйык тутуп,ушул күндүн алдында арууланып, тазаланып, көкүрөктө жүргөн бир кир ойлор болсо анын баарын таштап, жакшылыкка жол баштап, нечен кылымдар бою башка чоӊ элдердин арасына сиӊип кетпей, аман-эсен ушул күнгө келип жеткен экен. Биз ушул күндү чынында эле ыйык тутушубуз керек. Себеби, табият өзү күн менен түндү теӊеп отурат. Ошондон улам теӊирчиликтин эӊ негизги маселелеринин бири бул дүйнөдө теӊчилик болуш керек. Улууга, кичүүгө да, карыга, жашка да, жакшыга, жаманга да күн бирдей тиет,билесиздер аны. Ошол сыяктуу Кыргызстанга келген жакшылык баарыӊыздарга теӊ болсун,аманчылык болсун.
Ушул жылды Президентибиз тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады. Биз ушул жылы ыйман, адеп, маданият маселесин, жоготуп алган өзүбүздүн улутубузга кайта турган жыл болсун деп эсептейли. Кудай буйурса, бизди нечен кылымдан бери алып келген элдин каада- салты, улуу дөөлөттөрү мындан ары дагы алып жүрөт деп ойлойм. Ошондуктан ар бириӊиздердин үйүӊүздөрдө ар бир аткан таӊ жакшылыктын таӊы болсун, ар бир баткан кеч жакшы ниеттин, ийгиликтин кечи болсун. Нооруз майрамыӊыздар менен куттуктайм!
Мына ушундай улуу жана касиеттүү карт тарыхты камтыган Нооруз майрамы Токмок шаарында кызуу маанайда өткөрүлдү. Борбордук аянтта соода уюмдары иштеп, жеке кол өнөрчүлүгү менен алектенген айым апалардын буюм-тайымдары коюлуп,түркүндөп жасалган ар улуттун даамдуу тамак –аштары сатылып, шаардыктардын майрамдык маанайлары көтөрүлүп, Ноорузду жакшы тосушту.
Ак элечек апалар Ноорузду майрамдашты
Ар жыл сайын Токмок шаарынын үстүӊкү тоо бетиндеги ат майданында дайыма майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Чүй районунун он айыл өкмөттөрү тарабынан боз үйлөр каз катар тигилип, элеттиктердин майрамдык маанайлары жакшы. Жогору жактагы жайгашкан айылдардан агылып келишкен айылдын тургундары ат майданында жык жыйылган. Райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси А. Сооронбаева маданият кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп даярдалган майрамдык иш-чара абдан кызыктуу өттү. Кыргыздын каада-салттары унутта калтырылбастан жаӊы көз жарган наристеге азан чакырып ат коюу расымы коюлуп, таланттардын үнү ырдалып жаӊырып, музыка шаӊшып, оюн-зооктор уюштурулган. Улам чогулган элдин саны көбөйүп, ат чабыш оюндары башталып, аны кызыга караган жаш балдардан карыяга чейин келип сүрөөндөп турушканы майрамдын көркүн да ачышты. Боз үйлөргө ак дасторкон жайылып, боорсок, таттуулар коюлуп, төрдөгү улуу карыяларга самоордун ысык чайлары сунулуп, табак-табак сый тамактар тартылды. Айрыкча жаӊылык болгону Онбир жылга айыл өкмөтүнүн айымдары даярдаган “ Ак элечек” деп аталган боз үй тигилип, ага да дасторкон жайылып, өзгөчө ак элечек кийген апаларга сый-урмат көрсөтүлдү. Мындай жакшы саамалыкты айылдын тургуну, өткөн жылы уюшулган Кеменгер аялдар кеӊешинин төрайымы Сайнал Акылбекова уюштуруп, ар бир майрамдык иш-чараларда эсте каларлык жолугушууларды өткөрүп келүүдө. Сайнал эже аталган айылдын мектебинде мугалимдик кесипти аркалап эмгегин өтөт баалаган тажрыйбалуу мугалимдердин бири. Бүгүнкү күндө Сайнал эженин өз элине далай жакшы иштерди жасап, кол куушуруп жөн отура албастан, жаш курагына карабастан эмгектенгенден талыкпаган Лидер айымдардын алдыӊкылары десек жаӊылышпайбыз.
Боз үйдө керилип отурган ак элечек апалардын майрамдык маанайлары кубанычтуу. Сайнал эже Онбир жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Ильичбек Сыдыковдун колдоосу менен он айымга “Ак элечек байбиче ” деген жана алты айымга “Айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деген төш белгисин тапшырды. Апалар Нооруз майрамындагы алган төш белгилерине кубанышып, жаштарга жана келечек муундарга жакшы тилек-каалоолорун айтышып, ак баталарын беришти.
Ат майданындагы ат чабышта жарышка чыккан жигиттердин марага жетүү максаты болгондуктан оюн абдан кызуу өтүп, майрамдын аягы кечки күүгүмдө аяктады.
Мына ушундай көӊүлдүү маанайда Нооруз жаӊылануунун, бейпилдиктин жана токчулуктун майрамы болуп нечен кылымдардан бери белгиленип келүүдө. Энелерибиз сүмөлөк кайнатып, ак дасторконун жайып, конок күтүп меймандарды тосушкан. Элибиздин турмушу оӊолуп, өсүп келе жаткан жаш жеткинчектер эрезеге жетип, элибизге кызмат кылган инсандардан болушсун. Элибиз шаттыкта жана кубанычта жашоо-турмушун өткөрүүсүнө баардыгыбыз тилектешбиз. Ушул сыяктуу жакшы тилектер айтылып, алакан жайып алкаган улуулардын ак батасы биздин келечек жаштарга кабыл болсун.
Кундуз Тойбаева
Жаны комментарийлер