Кызыл-Токойдо көпүрө курулду
Жол салып, көпүрө куруу чоң сооп. Дегеним алыс жакын ар кандай сапарга чыккан инсан дал ошол жол менен жүрүп көпүрө аркылуу өтөт.
№7
14-апрель, 2017-жыл
Соңку мезгилде Терек-Сай айыл аймагында дал ушундай жакшы иштер аткарылууда. Буга далил катары Кызыл-Токой айылынын чок ортосуна курулган көпүрө болду. Кызыл-Токой жана Жыл-Булак айылдары чоң суунун эки тарабында жайгашкандыгы болбосо түпкүлүгү бир эл, бир айыл. Мындан бир топ мурдараак эки айылды байланыштырган айылдын эки башындагы көпүрөлөрдү кошпогондо эл өзү эптеп салган асма көпүрө менен катташчу. Азыр мындай заманбап көпүрөлөр көп салынып калбадыбы. Буга дал ушул көпүрөнү кошууга болот.
Өткөн жылы курулган көпүрөнүн узундугу 18 метр, ал эми туурасы 4 метр болуп техникалар жана жөө адамдар да өтсө болот. Көрүнүп тургандай тирөөчтөрү бетондолуп, үстүнө калың швельерлер жаткырылган. Эми көпүрөнүн үстүн монолит кылып бетондоо жана эки башына шагыл төгүп тегиздөө иштери калды. Буюрса жакын арада бул иштер бүтүп, техника да каттай баштайт. Көпүрөнү курууга деле өтө ири суммадагы каражат жумшалбады. Дегеним айыл өкмөтү 150 миң сом бөлүп берди. Ал эми айыл тургуну Абас Мамасейитов демөөрчүлүк кылып, 10 тонна цемент алып берген.
Айылдыктар айтып жүрүшкөндөй курулушунда жергиликтүү кеңештин депутаты Ороз Конокбаевдин аракети зор болду. Эли, жери үчүн кандай иш болбосун шымалана киришкен мындай азаматтар турганда, албетте, элдин тилеги кабыл болуп, ой-максаттар ишке аша берет.
Т. Темиралиев
Жаны комментарийлер