Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25 жыл
Мамлекетибиз эгемендүүлүгүн алганына быйыл 31-августта туура 25 жыл толду. 25 жыл деп айтканга оңой болгону менен, ушул 25 жылдын ичинде өлкөбүз эмне деген гана күндөрдү башынан өткөрбөдү
№ 25 (3218), 5 сентябрь 2016-жыл.
Мамлекетибиз эгемендүүлүгүн алганына быйыл 31-августта туура 25 жыл толду. 25 жыл деп айтканга оңой болгону менен, ушул 25 жылдын ичинде өлкөбүз эмне деген гана күндөрдү башынан өткөрбөдү. Албетте, эгемендүүлүктү алганыбыздын өзү жетишкендик, кыргыз эли үчүн чоң ийгилик десем жаңылышпайм. Калкыбыздын саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз болсо да, өзүнчө суверендүү мамлекет болгонубуздун өзү чоң бакыт. Элинин саны биздикинен көп болуп, бирок эмдигиче өз алдынча мамлекет болуп түптөлө албай ара жолдо жүргөндөр канча? Биз эгемендикти алган күндөн тарта кыргыз элинин жашоо-шарты жакшырды. Соода-сатыктын көлөмү өстү, эл аралык деңгээлде мамилелер жакшырды, өлкөнүн аброю өстү.
Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Көп улуттуу Маевка айыл аймагындагы 30дан ашуун улут Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери ынтымактуу жашап келишет. Майрамдык салтанатта ар улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук ырларын ырдар, бийлерин бийлешти. Маевка айылынын тургуну төкмө акын Турумбеков Качкын майрамдык салтанаттын көркүнө-көрк кошуп, комуз менен саламдашты. Андан кийин эле Үмүт аттуу ырчы кыз комуздун коштоосунда мыкты чыгарманы аткарды. Украин, орус улутунун өкүлдөрү өз улутунун улуттук ырларын мыкты аткаргандан тышкары кыргыздын чыгармаларын аткарганы майрамдык салтанатка келген көрүүчүлөрдүн купулуна толду десек болот. Миң-Кыял тобу кыяктын коштоосунда 4-5 чыгарма аткарды.
Макешов Сланбек, Маевка айыл аймагынын башчысынын орун басары: “25 жыл ичинде Маевка айыл аймагында көп өзгөрүүлөр болду”
— Айыл өкмөттүн эсебинен биздин Маевка айылында жашаган жарандарга майрам уюштурдук. Биздин айылда 30дан ашык улут жашайт. Бардык жашаган адамдардын саны 10600 киши. Жарандардын көңүлүн алып, ынтымак-достукту бекемдөө максатында кыргыздын маданиятын көрсөтүп, боз үй тиктик. Болгон айылдын ырчыларын чакырдык. 25 жыл ичинде Маевка айыл аймагында көп эле өзгөрүүлөр болду. Жаштарга жер тилкелери берилди. Андан сырткары үйлөр салынды. Жол көйгөйү чечилип келе жатат. Жол кырсыгынын коопсуздугу деп көчөлөргө жол чырактар коюлуп жатат. Ичкен суу маселеси да чечилип келе жатат.
Ошондой эле майрамдык салтанат Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагында да болуп өттү. Иш чарага Аламүдүн районунун айыл чарба башкармалыгынын башчысы келип Октябрь районунун жашоочуларын эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
Иш чараны Октябрь айыл аймагынын башчысы Сактанбек Паязов ачты.
Октябрь айыл аймагынын башчысы Сактанбек Паязов:
“Манас атабыз өмүр бою эгемендүүлүккө жетүү үчүн кан төгүп согушуп келген”
— Урматтуу бүгүнкү майрамдык салтанаттын катышуучулары, коноктор, жашоочулар. Бүгүн биз толкундана турган күн болуп турат. Мындан 25 жыл мурун кыргыз мамлекети өзүнчө эгемендүүлүккө ээ болуп, боштондукка, эркиндикке чыккан мамлекет болуп жарыяланган. Биз аны жүрөгүбүз менен сезип келе жатабыз. Ушул майрамды Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдап жатышат. Биз үчүн, эл үчүн эң чоң майрамдардын бири. Манас атабыз өмүр бою эгемендүүлүккө жетүү үчүн кан төгүп согушуп келген. Элдин аракети, Кудайдын колдоосу менен ушул күнгө ээ болуп турабыз. Баарыңыздарга бакубатчылык, ынтымак, тынчтык каалайм! Кыргызстаныбыз өнүгө берсин!
Исаев Автандил Коңурбаевич Аламүдүн районунун Айыл чарба башкармалыгынын башчысы:
“Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктайм!”
Урматтуу Октябрь айылынын тургундары, Аламүдүн мамлекеттик администрациянын атынан, администрация башчысы Жумашев Самирдин Сариевичтин атынан, айыл чарба кызматкерлеринин атынан сиздерди эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктайм! Бүгүнкү куттуу майрамыбыз кут болсун! 25 жылдан бери бүткүл дүйнө жүзү мамлекеттери жерибизди, туу желегибизди таанып жатышат. Демократиянын алгылыктуу иштери болуп жатат. Мамлекет, эл болуп отурабыз. Баарыңыздар айыл чарба турмушунда жүргөн адамдарсыздар, дыйканчылык, мал чарба менен эл багып жүрөсүздөр. Биздин келечек болгон балдарыбыздын укумун көбөйтө турган сиздерге ийгилик каалайм. Ден соолук, эл-жерибизге тынччылык, бакубат турмуш каалап кетмекчимин.
Т.Касымалиева
Жаны комментарийлер