Көңүл чордонунда — дене тарбия жана спорт
Нарын облусунун спорт тармагында алгылыктуу аракеттер менен бирге бир катар көйгөйлүү кемчиликтер орун алууда. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн облустук коллегиянын отурумунда айтылды.
«Теңир Тоо» (Нарын облусу)
№27-28 (14181-14182) 13-апрель, 2018-жыл
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, спорттун улуттук түрлөрүн жайылтуу боюнча бир катар токтомдор, жоболор кабыл алынган жана булардын алкагында КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан буйруктар чыгарылып, иш чаралар белгиленген.
Ал эми Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы ушул ченемдик-укуктук актылардын негизинде иш жүргүзүп келет. Расмий маалыматка таянсак, өткөн 2017-жылы спорттун отуз төрт түрү боюнча 310 мелдеш өткөрүлүп, буга 19 422 спортчу катышкан. Спорттук иш-чараларга республикалык бюджеттен 6 млн 241 миң 900 сом, ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен 177 327 сом, демөөрчүлөрдөн 3 млн 102 373 сом сарпталып, жалпысынан 9 млн 521 миң 600 сом жумшалган.
Ат-Башы райондук спорт бөлүмү тарабынан волейбол оюну боюнча мелдеш он төрт жолу өткөрүлсө, Жумгал райондук спорт бөлүмү үч гана жолу мелдеш өткөргөн. Ошондой эле, кичи футбол боюнча мелдешти Ат-Башы райондук спорт бөлүмү он төрт жолу мелдеш өткөрсө, Нарын райондук спорт бөлүмү бир гана жолу өткөн. Баскетбол оюнуна Нарын райондук спорт бөлүмү менен Жумгал райондук спорт бөлүмү бир дагы жолу көңүл бурган эмес. Грек-рим күрөшү боюнча таймаш жыл ичинде болгону Ак-Талаа районунда өтүп, калган райондордо жана Нарын шаарынын спорт бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн эмес. Бокс боюнча таймаштарды Нарын шаары, Нарын району, Жумгал району 2017-жыл ичинде бир дагы жолу өткөргөн эмес. Веложарыш менен чана жарышты Ак-Талаа району бир жолудан өткөрсө, калган райондор менен Нарын шаары бир дагы жолу өткөрбөй, көңүл сыртынан чыгарышкан. Улуттук оюндардын ичинен көк бөрүгө Ат-Башы району өзгөчө маани берип, төрт жолу, Нарын району менен Ак-Талаа районунда экиден жолу таймаш өткөн, демөөрчүлөр оюндарга 343 000 сом жумшаган. Ак-Талаа районунда ордо оюнун ойноого маани берилип, он жолу мелдеш өткөн. Салбуурун дагы ушул эле Ак-Талаа районунда бир жолу болгон. Башка райондор менен Нарын шаары уюштурушкан эмес.
Нарын облусунун бир катар спортчулары республикалык, эл аралык таймаштарга катышып, алдыңкы жана байгелүү орундарды ээлеп келе жатышат. Алсак, булардын катарында эркин күрөш боюнча Казакстан республикасында өспүрүмдөр арасында өткөн Азиянын чемпионатында 1-орунду ээлеген Билимбек кызы Калмира, Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча өтүлгөн мелдеште 2-орунду жеңип алган Бактыбек кызы Салтанат, 1-орунга жетишип, быйылкы жылы Монголияда өтүүчү Азия оюндарына жолдомо утуп алган Адил кызы Жасмин, “Ысык-Көл-2017” эл аралык ачык шахмат фестивалында 1-орунду камсыз кылган Такырбашев Тилек, 2000-2002-жылы туулган жаш өспүрүм кыздар арасында аялдар күрөшү боюнча Түркистан республикалык ачык турнирине катышып, 1-орунду жеңип алган Нурлан кызы Жаркынай ж.б. бар. Нарын облустук спортчулары тарабынан мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп, Нарын облусунун эсебине жалпы 87 медаль түшкөн. Эгерде 2016-жылы спортчулар 17 алтын медаль тагынып келишсе, 2017-жылы 20 алтын медаль, 28 күмүш медаль, 39 коло медаль менен камсыздашкан.
Облуста спорттук мекемелердин материалдык-техникалык жактан чыңдалышына дагы көңүл бурулууда. Ат-Башы райондук спорт мектебине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2016-жылы 101000 сомго, 2017-жылы 65 000 сомго спорт инвентарлары алынган. Ушул эле спорт мектебинин бокс секциясына демөөрчүлөр тарабынан 80 000 сомго спорттук инвентарлар алынган. Бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча он спорттук федерация юридикалык каттоодон өтүп, иш алып барса, жалпы он алты спорт клубу иш жүргүзөт.
Айыл жаштарын спортко тартуу боюнча жылыга өтүүчү республикалык “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” мелдешинин коомчулук үчүн пайдасы чоң. Мындан тышкары, массалык спортту өнүктүрүү максатын көздөгөн мини футбол боюнча мекемелер арасында федерациянын кубогу жыл сайын уюштурулат. Даталуу күндөрдө аялдар жана эркектер арасында волейбол боюнча мелдештер өтөт. Окуучулар арасында райондук, шаардык, облустук спартакиадалык оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр республикалык спартакиадага катышышат.
Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова маалымдагандай, “калктын дене тарбия, спорттук жигердүүлүгүн өнүктүрүү, дене тарбия жана спорттун массалуулугун арттырууда жоболор иштелип чыгып, айыл аймактарында, райондук деңгээлде мелдештер өз нугунда өткөрүлбөгөндүктөн, облустук же республикалык деңгээлдерде жакшы көрсөткүчтөрдү бербей келет. Жыл сайын өтүп туруучу республикалык “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” мелдешининен Нарын облусунан барган спортчулар ийгиликтүү натыйжаларга жете албай жатышат. Акча каражаттары убагында бөлүнбөгөндүктөн спорттук иш чаралар толук кандуу өтпөйт. Алсак, Нарын облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде 2017-жылга карата 78 иш-чара бекитилгендигине карабастан, мунун 21и гана аткарылган. Календардык планда бекитилген иш-чаралар акча каражатынын толук чечилбегендигинен аткарылган эмес. Аталган мекемеге спорттук мелдештерди өткөрүүгө 551550 сом акча каражаты бюджеттен каралган. Иш-чараларды өткөрүүгө 201 550 сом жана спортчулардын жатаканасы менен тамак-ашына 350 000 сом бөлүнбөгөндүктөн, 57 иш-чара өтпөй калган. Мындан тышкары, спорт залдардын жетишсиздиги, заманбап спорт шаймандарынын жоктугу дагы кендирди кесип келет. Нарын шаарынын Төш-Булак чөлкөмүндө жайгашкан Т.Насырбеков атындагы канаттык-бугилдик жолунун эскилиги жетип, капиталдык ремонтко муктаж. Ошондой эле, Нарын районундагы Кур-Терек ат майданын реконструкциялоого 10 млн сомдун тегерегинде каражат талап кылынат”.
Ошентип, “Спорт – ден соолуктун булагы” дегендей, ар бир жаран спорттук мекемелерди гана карап олтурбастан, дене-боюн чыңдап, спорт менен машыгышы зарыл. Анткени, бул баарынан мурда жеке өзүнүн саламаттыгы, денесинин чың болушу үчүн керек.
Коллегиялык отурумдун соңунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кайдыгер мамиле кылып, өз иштеринде кемчиликтерге жол берген айрым жетекчилерге эскертүүлөр берилип, аталган тармакты жолго коюу жаатында сунуштар белгиленди.
Г.Турдалиева
Жаны комментарийлер