«Чүй баяны» (Чүй облусу)

Дыйкандардын өстүргөн азык-түлүгү өзүн актай алабы?

     Кытайдын Кыргызстандагы  элчиси Сяо Цинхуа биздин 1 млрд. 711 млн. доллар карызыбыз бар экенин эскертип кетти. «Айран жалаган кутулат, челек жалаган тутулат» дегендей, бул карызды алгандар кутулар, ал эми кыргызстандыктар 2029-жылдан баштап бул карыздарды төлөй баштайт эмеспизби.

«Чүй баяны» (Чүй облусу)

№ 14 (962)     13-апрель, 2018-жыл

     Кыргызстанда басымды жасай турган айрым реалдуу тармактар бар: отун-энергетика комплекси, машина куруу, тоо-кен өнөр-жайы, айыл чарбасы жана тамак-аш жеңил өнөр-жайы. Кыргызстанда чет жерликтерди суктантып, көз арттыра турган чийки заттардын запасы бар. Жакында Кытайдын Кыргызстандагы  элчиси Сяо Цинхуа биздин 1 млрд. 711 млн. доллар карызыбыз бар экенин эскертип кетти. «Айран жалаган кутулат, челек жалаган тутулат» дегендей, бул карызды алгандар кутулар, ал эми кыргызстандыктар 2029-жылдан баштап бул карыздарды төлөй баштайт эмеспизби. Азыр арзан алдык деген бул карыздардын пайыздарын гана төлөй албай өксүп жатабыз.

Кыргызстан өзүн өзү бага алабы?

     Кыргызстанда ажайып кооз жерлер менен чийки заттын запастары толуп турганда мындай кереметтүү жерлерибизди карызга тарттырып жибербейли. Чийки заттар тууралуу сөзүбүз чийки болуп калбасын үчүн фактыларга таяналы. Биздин дарыялардан ала  турган  жылдык керектеле турган гидроэнергоресуртар 142,6 млрд. кВт, техникалык жактан 72,9 млрд. кВт  пайдаланабыз да, алардын ортосунда жоголуп  отуруп экономикалык жактан пайда келтире турган 48,0 млрд. кВт. Бизде 10 пайыз гана гидроэнергетикалык потенциалыбыз пайдаланылат.

Саресеп салсак, 2,4 млрд. тонна көмүрдүн запасы бар. Бул көмүрдүн 0,02 пайызы гана өздөштүрүлгөнүн айтсак күлкү келет. Эмне биз көмүрдү карызга берели деп катып отурабызбы? 28 жерде 653 млн. тонна көмүрдү өздөштүрсө болот. Кыргызстандын аймагы ар түрдүү бетон, шагыл, гранит, мрамор, ак таш, акиташ чыга турган жерлерге бай. Эми булардын канчасы өздөштүрүлдү болду экен? Табигый жаратылыш таштарынын 0,2 пайызы, кирпич жасала тургандардын чийки заттардын 2,1 пайызы, акиташтардын 0,1 пайызы гана өздөштүрүлгөн.

Сымапты Хайдаркан комбинаты иштетип жатат, калайдын «Эмгек» жана «Үч-Кошкон» кендеринде запасын өздөштүрсө дагы 25 жылга жетет. Вольфрам  «Эмгек» жана Кең-Сууда, висмут Мирон кенинде бар. Кыргызстанда Куру-Тегерек, Бозумчакта жана Андаш, Талды-Булакта алтын, күмүш, молибден менен аралаш жез орун алган. Темирдин запасы 13 млрд. тоннага жетет. Алтындын кени 27 жерде жайгашкан. Күмүштүн запасы 12 кенде 149,6 тонна жана  башка категорияда 64,6 тонна.

200 жылга жете турган гипстин 6 жери бар. Кочкор, Шамшыкал сыяктуу 4 көк туз чыга турган жерде  8 186 миң тонна туз бар. Цемент чыгаруу үчүн материалдар ченемсиз көп: чопонун запасы 40 млрд. тонна, акиташтын запасы 25 млрд. тонна жана башка керектеле турган чийки заттар  12 752 миң тонна. Кооздой турган материалдар  чыга турган 9 жер (40.5 млн. метр) жетет.

Мунайзаттын запасы изилдөөлөр тактагандай 12 жерде 8,2 млн. тонна. Жаратылыш газынын запасы 6,7 млрд. метр куб. Кыргызстанда жер алдындагы жана минералдуу суулардын элди суктанта турган запасы жайгашкан.

Айыл чарбасынын өнүгүшү бир топ маселелерди колго алат

     Башкысы ички рынокту азык-түлүк менен камсыз кылуу, кайра иштете турган ишканаларды кластердик негизде куруу жана тышка экспортко продукцияларды чыгаруу. Бул үчүн айыл чарбасына жарактуу 10685,6 миң гектар пайдаланылат. Булардын көпчүлүгүн же 9020,2 миң гектарды жайыттар ээлейт, айдоо аянтына 1414,9 миң гектар (13 пайыз), чөп чабыкка 162 миң гектар (1,5 пайыз) колдонулат. Өздөштүрүлгөн жерлер 1072,0 миң гектар, өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар 2,2-2,5  млн. гектар жер бар.

Дыйкандардын өстүргөн азык-түлүгү өзүн актай алабы?

     Борборубуз Бишкек шаарында «Сары-Өзөн Чүй» базары элдин мүдөөсүн аткара алабы? Дыйкандардын өстүргөн азык-түлүгү өзүн актай алабы? Дыйкандар маңдай терин төгүп эмгектенип тапкан продукциясынын үзүрүн көрбөй арзан сатып жатат. Ал эми сатып алуучулар  кымбат баада сатып алышып, алардын баага нааразы болуп жатканын угуп калабыз. Дыйкан менен анын продукциясын сатып алган адамдардын ортосунда ортомчулук милдеттерин аткарган иш аракеттердин натыйжасында дыйкандар өз продукциясын арзан сатышса, сатып алуучулар кымбатка сатып алып жатышат. «Сары-Өзөн Чүй» базарында башка базарларга караганда дүңүнөн жана арзан сатылат. Бул маселени чечүүгө жер-жерлерде уюштурулуп жаткан жармаңке-базарлардын көп болушу да өз таасирин берет.

Фасоль өстүрүү тереңдейт

     СССРдин мампланы (госплан) ар бир азык-түлүктү пландаштырып, ошол боюнча колхоз-совхоздор иш кылышчу. Азыр болсо аймак-аймактар адистештирилген азык-түлүктөрүн айдашат. Рынок экономикасынын баасы боюнча бир жылдары кайсы бир продукция көп айдалып, баасы түшүп кетиши да мүмкүн. Айдоо аянтына төө буурчак, кант кызылчасы, тамеки, май өсүмдүктөрүн, жашылча-жемиштерди, жүзүмдү өстүрүү көбөйүп баратат. Дан эгиндерине салыштырмалуу дүйнөлүк баа менен алганда тамеки 11 эсе, жашылчалар 10 эсе, картошка 8 эсе, пахта 2 эсе пайда алып келет экен. Чүй аймагы кант кызылчасына, данга, жашылча-жемиштерге, Кемин району картошкага басым жасап келген. Талас облусу адистешкен фасолду Чүй дубанына да айдоо үчүн аракеттер башталды. Фасолду көп пайдаланган Түркияга экспорт көбөйүп, дыйкандардын маңдай тери менен төгүлгөн эмгеги актала турган болсо төө буурчак айдай турган аянттар кеңейери бышык.

Кыргызстандыктарды 710-810 миң тонна дан камсыз кылат

     Айыл чарба жеринде иштин кызуусу жаз алдында башталат. Азыр иштин кызуу жүрүп жаткан убагы. Кыргызстандыктарды өз эсебинен 710-810 миң тонна азык-түлүк даны камсыз кылат. Бизде 600 миң гектар аянтта 1800-2000 миң тонна азык-түлүк данын, 15-20 миң гектар жерде 30 миң тонна тамеки түшүмүн, 40 миң гектар жерде 100 миң тонна пахта алууга мүмкүнчүлүк бар.

«Кант-Кайыңды» жана «Кошой» кант заводдоруна кубат берсин

     Чүй дубаны кант кызылчасынын 90 пайызын берет. Мурунку жылдары кант кызылчасын өстүрүп алган дыйкандар өз продукцияларын өткөрө албай, үшүккө алдырып, чиритип алган учурлар да болгон. 2017-жылдан кант кызылчасын «Кошой» кант заводу да кабыл ала баштады.  «Кант-Кайыңды» жана «Кошой» кант заводдоруна кубат берсин, Кыргызстандын кантка болгон талабы 175 миң тонна, анын ичинде азык-түлүккө жумшала турган кантка 100 миң тонна керектелет. Кыргызстанда, негизинен Чүй дубанында 20-25 миң гектар жерден 400-500 миң тонна кант кызылчасын өндүрсө болот.

Мини заводдор министр үчүн эмес, дыйкандарга керек

     Май өсүмдүктөрү күн карама, рапс, сафлор үчүн да айдоо аянттары керектелет. Кыргызстандыктардын май өсүмдүктөрүнө болгон талабы 35-40 миң тонна. Ошондуктан калкыбыздын талабын камсыз кылып, чет мамлекетке май өсүмдүктөрүн эксорттосок да болот. Май өсүмдүктөрүнөн тышкары тышкы мамлекеттерге экспорттой турган картошка жана жашылча-жемиштер бар. Кыргызстанда картошканы 520 миң тоннага, ал эми жашылча-жемиштерди 440 тоннага жеткизүү менен элди толук камсыз кылып 100-110 тонна жашылчаны экспортко алып чыксак болот. Ошону менен бирге мөмө-жемиштер менен да өз өлкөбүздү толук камсыз кылып, чет мамлекетке алып чыксак болот. Мини заводдор министрлердин отчету үчүн эмес, дыйкандарга керек. Өнүп чыккан продукцияларды  мини заводдордо иштетүү менен анын наркы жана сакталуу мөөнөтү көбөйөт.

Азизбек Келдибеков

Чүй облусунда “Таза жашоо” ураанынын алдында үч айлык старт

     «Таза жашоо» долбоорунун алкагында Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн үч айлыгы кызуу жүрүүдө

Июнь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 431,1 млн. сом чогултулду

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 376,2 млн. сомду түзүп, анын 431,1 млн. сому (114,6%) чогултулган.

/ in Чуй баяны

Таза шайлоону камсыз кылуу — бул азыркы бийликтин жеңиши

«Демократиялык коомдун бирден бир белгиси бул таза шайлоо» деп КСДПнын фракция башчысы И.Өмүркулов Чүй облусунун Сокулук районундагы партиянын мүчөлөрү менен  болгон жолугушуусунда айтып өттү.

Матыевдер: «Мамлекеттик масштабдагы» үй-бүлѳ

Нурланбек Матыев иниси жете албай калган бийиктикти багынтуу үчүн көп аракеттерге түштү. Учурунда Чүй облусунда, Свердлов районунда салык кызматында өз милдетин түз аткарган адамдардан эмеспи.

/ in Чуй баяны

Карт тарыхты камтыган Нооруз

Байыртадан кылым карыткан Нооруз  күнүндө  күн менен түн теӊелип,   бул  күндү  элибиз  кубанычтуу тосуп алып, шаӊдуу  маанайда майрамдашты. 

/ in Чуй баяны

Э.Докенов: «Б.Казаков өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чап жатат»

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын профсоюзу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун “Локомотив” спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплексти рейдерлик жол менен басып алган деп айыптоодо.

/ in Чуй баяны

Майда бирок маанилүү кабарлар

Аламүдүн районунда жер маселеси чечиле элек

/ in Чуй баяны

Февраль айында “Түндүк электр” ААК абоненттери 5 % электр энергияны үнөмдөштү

Чүй облусунун керектөөчүлөрү бул айда 12,4 млн. кВт саат электр энергияны же 3,99 % үнөмдөшкөн.

/ in Чуй баяны

Сейдахмат Артыкбаев: “Биздин башкармалыкка элдин ишеними жогорулоодо”

Чүй облусунун Сокулук-Москва райондор аралык мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы башкармалыгынын башчысы Сейдахмат Артыкбаев менен маек

/ in Чуй баяны

Редакциянын аталышы: “Чүй баяны”
Кыскача аннотация: Облустук коомдук- саясий гезит
Тиражы: 3000
Мезгилдүүлүгү: айына 4 жолу
Дареги: Бишкек шаары,  Лермонтов к., 42
Байланыш: (0312) 890 163
Башкы редактор: Жээналиева Жыпара Акматовна