Санарип кербени – Терек-Сайда
Учурда өлкөбүздүн көпчүлүк аймактарынын тургундары санариптик теле берүүлөрдү көрүп жатышат.
“Чаткал оттору”, Чаткал району
№4, 20.02.2017-ж.
Калкты маалымат менен толук камсыздоо максатында телеберүүлөрдү санарипке өткөрүү багытында соңку мезгилде тынымсыз аракеттер көрүлүп келди. Мына эми иштин жыйынтыгы чыгар мезгил да келип жетти. Учурда өлкөбүздүн көпчүлүк аймактарынын тургундары санариптик теле берүүлөрдү көрүп жатышат. Дегеним менен жергебиз тоолуу болгондуктан, айыл-кыштактар мындай мүмкүнчүлүктөн куру калышууда. Дал ушул көйгөйдү чечүү максатында санарип кербени жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Жакында бул кербен Терек-Сай айыл аймагына келип айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда санариптик берүүнүн артыкчылыктары, ага өтүү үчүн кандай сыналгы, антенна керектиги өңдүү маселелер козголду. Ошол эле мезгилде Терек-Сай айылынын тоо арасында жайгашкандыгын эске алып зарыл болгон жерлерге теле чагылдыргычтар орнотулары баса белгиленди. Аны үчүн тийиштүү адистер айыл өкмөтү менен изилдөө иштерин жүргүзүшүп, айылдын ар бир тургуну санариптик берүүнү көрө алгыдай жайды тактап, ошол жерлерге санариптик теле чагылдыруучу аппаратураларды орнотуу үчүн шарттарды тез аранын ичинде чечүүсү зарыл.
Жыйынга катышкан айыл тургундары өздөрүн кызыктырган суроолорун адистерге беришип, тийиштүү жоопторун алышты. Ушундай эле көйгөй Чандалаш айылында да бар экендиги айтылып, ал жерге да теле чагылдыргыч коюу туурасында сөз болду. Ошентип буюрса 15-майдан тартып өлкөбүздүн ар бир тургуну санариптик телеберүүлөрдү көрүп, өлкөбүздө болуп жаткан баардык жаңылыктар менен кабардар болууга шарт түзүлөт.
Т. ТЕМИРАЛИЕВ.
Жаны комментарийлер