СТУДЕНТТЕР ЖАРЫШТЫ
Ата Мекенди коргоо майрамында колледждин биринчи курсунун студент жигиттери ортосунда майрамдык конкурс өткөрүлдү. Конкурсту колледждин жаштар уюмунун төрайымы Элгиза Козукулова уюштуруп, катышуучуларга аталган уюмдун атынан белектер жана номинациялар боюнча грамоталар тапшырылды.
«Айыл акыйкаты» (Ала Бука району)
№ 7-8 (5842)
6.03. 2017– жыл.
«Жигитке жетимиш өнөр аз»- дегендей конкурска катышкан жигиттер билим деңгээли, ашпозчулук, өнөр жагынан жарышты. Эч бир таймаш калыстар жок жеңүүчүлөр аныкталбасы чындык. Ошондуктан калыстар тобу райондук аскер комиссариатынан келген коноктордон түзүлдү. Конкурстун жүрүшүндө катышуучуларды көбүрөөк салат жасоо бөлүгү кыйнады. Анын себеби, кыргыз элинде эркек кишилер ашканага анчейин аралаша бербестигинде болсо керек. Бирок замандын талабына ылайык азыркы жигиттерибиз да ашкана сырларын жакшы өздөштүрө баштагандай. Салат жасоодо мырзалар айымдардан аша түшкөн салаттарды жасап, калыстарды таң калтырышты. “Бирок канткен менен апаларыбыз, эжелерибиздей чыдамкайлык күчкө ээ эмес экенбиз” — дейт конкурстун катышуучусу Талгарбек Турдалиев:
-Бүгүнкү конкурс абдан кызыктуу болду. Айрыкча салат жасоодо апакемдин орду билинди. Бирок ошентсе да колумдан келген салатты жасадым. Тамак аш жасоонун да өз сырлары болуп, чыдамкайлык талап кылынат экен.
Кокурстун шарттарынын бири болгон «Өнөрүң болсо, өргө чап» бөлүгүндө катышуучулар жоокерлердин күжүрмөн даярдыктагы аскердик тактикаларын көрсөтүштү. Андан соң эркин тема боюнча катышуучулар ырдап, бийлеп, кээ бирлери өздөрү тарткан видеоклиптерин да коюшту. Жыйынтыгында Бекмамат Токтосунов эң көп балл топтоп «Мырза жигит» номинациясынын ээси болду. Ал: “Колума курал кармап, чек арада турбасам да, илим, билим жагынан өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошом” — деп кошумчалады.
Канымжан Эркинова.
Жаны комментарийлер