СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ
Афган согушунун ардагери Кобулов Ахмадали Шодиевич 2017-жылдын 15-февраль күнү 35 жылдан кийин «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланды.
“Эл Жарчысы” (Кадамжай району)
№7-8, 22-февраль 2017-ж.
Марказ айылынын жашоочусу, 55 жаштагы Кобулов Ахмадали Шодиевич мындан 35 жыл мурда Авганистандын Газни провинциясында кызмат өтөгөн. 1982- жылдын 15 майында Паншер капчыгайында армиялык чоё операция өтөт. № 40 армиянын башчысы генерал лейтенант Ермаков Виктор Федорович бардык полкту текшерип бүтүп кайтып келе жатканда душмандын буктурма капканына туш болот. Чыгып кетүүгө 2 жолу аракет жасап өтө албайт. Кабулов Ахмадали кызмат өтөгөн бөлүктүн командиринин буйругу менен 583 БТРде ал тынымсыз душмандарды бир топ убакыт пулемет менен аткылап турду. Тиешелүү жетекчилер баары аман-соо чыгып кетишет. Ошондон көп өтпөй армиянын башчысы полкко рациядан чыгып, от ачып тосуп турган аскерге «Кызыл Жылдыз» ордени берилсин деп буйруйт. Ал буйрук кагаз жүзүндө 35 жылдан бери Россиянын Подольск шаарындагы Авганистанда кызмат кылгандардын архивинде сакталып жүрө берет. Жакында гана жакшы кишилердин жардамы менен, сыйлык өз ээсине келди. Ошентип, Афганистанда көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» орденине көрсөтүлгөн Афган согушунун ардагери Кобулов Ахмадали Шодиевич 2017-жылдын 15-февраль күнү 35 жылдан кийин «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланды.
«Эл жарчысы»
Жаны комментарийлер