Чүй облусунда “Таза жашоо” ураанынын алдында үч айлык старт
«Таза жашоо» долбоорунун алкагында Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн үч айлыгы кызуу жүрүүдө
«Чүй баяны» (Чүй облусу)
№ 14 (962) 13-апрель, 2018-жыл
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы №2 “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө “Жарлыгын ишке ашыруусунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарында болгон кеңешменин 2018-жылдын 28-февралындагы №11-5 протоколун аткарууда Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча «Таза жашоо» урааны алдында үч айлыгы жарыяланды.
Буюурманын негизинде Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү жана уюштуруу комитетинин иш-планы бекитилди.
2018-жылдын март-май айларына Чүй облусунун шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чара планынын негизинде Чүй облусунун айыл аймактарынын жана шаарларынын аймактарында көчөт отургузуу, жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 20586,7 миң. сом акча каражаты каралган. Жарыктандырууга түнкү чырактарды орнотууга жана бар болгон түнкү чырактарды оңдоо, калыбына келтирүүгө жергиликтүү бюджеттен 22879,7 миң сом акча каралды. Таштандыларды чыгаруу жана таштанды таштоочу жайларды иретке келтирүүгө жергиликтүү бюджеттен 8801,0 миң сом акча каралды. 2018-жылдын ичинде айыл, шаарлардын аймагындагы муниципалдык жолдорду оңдоо, гравий төгүү, түздөө иштерине жергиликтүү бюджеттен жана спонсорлордун жардамы менен 50405,0 миң сом акча каражаты каралды жана башка (имараттардын фасадтарын, штакетниктерди иреттөө, кургап калган бутактарды кыюу, арыктарды тазалоо) иштерине жергиликтүү бюджеттен 6056,0 миң сом акча каражаты каралды. “Таза жашоо” ураанынын алдындагы үч айлыктын өткөрүлүшүнө райондор тарабынан жергиликтүү бюджеттен, республикалык бюджеттен, калк каражаттары, спонсорлордун каражаттарынан 236165,1 миң сом акча каражаты каралды.
Мындан тышкары 2018-жылдын 24-мартында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Исаковдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуулары менен ишембилик өткөрүлүп, жалпысынан 250 ар түрдүү көчөттөр отургузулду. Чүй районунун Бурана айыл аймагынын “Бурана” музей-комплексинин аймагында ишембилик өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 36 кызматкердин, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан 15 кызматкердин, Чүй-Токмок токой чарба агенттигинен 8 кызматкерлердин катышуусу менен 130 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулган. 2018-жылдын 31-мартында Кыргыз Репспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын 50 кызматкерлердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана аппаратынан 36 кызматкерлердин,Кыргыз Репспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин облустук аппаратынан 70 кызматкердин, райондук Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин бөлүмүнөн 35 кызматкердин катышуусу менен Чу дарыясынын жээгин бекемдөө максатында 4000 даана терек, 7700 даана карагач, жалпысынан 11 700 даана көчөттөр отургузулду.
Ошондой эле Чүй облусунун ар бир райондорунда, шаарларында жана калктуу конуштарынын аймактарында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча буюрмаларынын негизинде үч айлык жарыяланып, ишембиликтер өткөрүлүп келүүдө жана март айында төмөнкү көрсөткүчтөр болду:
Отургузулган көчөттөрдүн ичинен ийне жалбырактуулары (даана): Аламүдүн-352 даана, Сокулук-669 даана, Жайыл —120 даана, Панфилов —100 даана, Токмок-30 даана, Ысык-Ата-117 даана, Чүй – 130 даана.
Аткарылган иштердин жалпысынан Чүй облусу боюнча:
— ишембиликтерге катышкан уюмдардын саны: айыл аймакктар боюнча-1376 уюм, шаарлар боюнча-606уюм, облус боюнча-1982 уюм;
— катышкан кишилердин саны: айыл аймактар боюнча-40760 киши, шаарлар боюнча-13577 киши, облус боюнча-54 337 киши;
— бактар, скверлер, бакчалар жасалды: айыл аймактар боюнча-23 даана, шаарлар боюнча-116 даана, облус боюнча-139даана;
— көчөлөргө түнкү жарыктандырууну орнотуу же оңдоо (км): айыл аймактар боюнча-53 км, шаарлар боюнча-2 км, облус боюнча-55 км;
— бак отургузуу (даана): айыл аймактар боюнча-87422 даана, шаарлар боюнча- 12907 даана, облус боюнча- 100 329 даана;
— ички жолдорду жана тротуарларды оңдоо (км): айыл аймактар боюнча-40 км, шаарлар боюнча- 0,7 км, облус боюнча- 41км;
— имараттардын фасаддары тазаланды: айыл аймактары боюнча-22 даана, облус боюнча-22 даана;
— штакетниктерди оңдоо (пагондук метр): айыл аймактар боюнча-1590 п.м, облус боюнча- 1590 п.м;
— санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу:айыл аймактар боюнча-5411 тонна, шаарлар боюнча- 2570 тонна, облус боюнча- 7982 тонна;
— арыктар тазаланды: айыл аймактар боюнча-652 км, шаарлар боюнча- 112 км, облус боюнча- 764 км;
— аткарылган иштердин болжолдуу наркы миң сом: айыл аймактар боюнча-10416,3 мин сом, шаарлар боюнча- 1344,0 миң сом, облус боюнча- 11760,3 миң сом.
Жаны комментарийлер