День: Апрель 13, 2018

Театр кызматкерлери сыйланды

     М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын кызматкерлери Бишкек шаарынан театралдык жогорку сыйлык аталган “Эргүү” сыйлыгынын номинациялары боюнча сыйланып кайтышты. Жакында бул сыйлыктар чоң салтанат менен аталган театрда кызматкерлерге тапшырылды.

Атылган октон жалтанбай келечек үчүн курман болушту

     Нарын шаарынын Тянь-Шань паркында Апрель элдик революциясынын 8 жылдыгына арналган эскерүү митинги болуп өттү. Шейит болгон баатырларды эскерүү минутасы жарыяланып, аларга багышталып куран окулду.

Көңүл чордонунда — дене тарбия жана спорт

     Нарын облусунун спорт тармагында алгылыктуу аракеттер менен бирге бир катар көйгөйлүү кемчиликтер орун алууда. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн облустук коллегиянын отурумунда айтылды.

Жапондордун жардамы

     Япониянын “Такуда” коомдук фондусунан келген делегация Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын гемодиализ бөлүмү менен таанышты. Япониялык фонд менен аталган оорукана саламаттыкты сактоо жаатында биргелешкен долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Япониялык өкүлдөр...

Дыйкандардын өстүргөн азык-түлүгү өзүн актай алабы?

     Кытайдын Кыргызстандагы  элчиси Сяо Цинхуа биздин 1 млрд. 711 млн. доллар карызыбыз бар экенин эскертип кетти. «Айран жалаган кутулат, челек жалаган тутулат» дегендей, бул карызды алгандар кутулар, ал эми кыргызстандыктар 2029-жылдан баштап бул...

Чүй облусунда “Таза жашоо” ураанынын алдында үч айлык старт

     «Таза жашоо» долбоорунун алкагында Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн үч айлыгы кызуу жүрүүдө