23 жылдан бери жубайларды мыйзамдуу никелештирген жетекчи
2016-жылдын 1-сентябрынан тартып жеке персоналдык идентификациялык номерди актуалдаштыруу, эсепке алуу, сактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет ɵлкɵлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга ыйгаруу боюнча биздин кызматка ɵткɵрүлүп берилген.
«Айыл жарчысы» (Бакай- Ата району)
№3 (9574) 16-28-февраль 2017-ж.
Бакай-ата райондук мекеме уюумдардын ичинен 5 мекеме уюмдун жетекчиси аял затты, ошол айымдардын ичинен Уметалиева Анара Жапаркуловна Бакай-Ата райондук ЖААК бɵлʏмʏнʏн жетекчиси, 1994-жылдан 2005-жылга чейин ушул бɵлүмдɵ адистик кызматта эмгектенип, 2005-жылдан ушул күнгɵ чейин райондук ЖААК бɵлʏмʏн жетектеп келет. Анара айымдын жетекчилигинин астында эки кызматкер эмгектенет. Анара эже ишине так жетекчи каттарында райондун жалпы элине белгилүү жана ошондой эле жаңы үй-бүлɵ куруп жаткан жаштардын тоюу Анара эженин катышуусусуз ɵтпɵйт десек болот. Үйлɵнү үлпɵт тоюунун кɵркүн ачып, мыйзамдуу түрдɵ никелештирген Анара айымдын коңур үнү атайын ɵзүнүн кызматына ылайык келип, тойдун күбɵлɵрүнүн кулагына жагымдуу угулат. Жадыраган жаз күндɵрдүн алгачкы күнүнɵ туш келген жалпы аялзатынын 8-март майрамы менен куттуктап, Анара эже менен кененирек маек курдук.
— Саламатсызбы? Майрамыңыз менен Анара эже. Жаздын гүлүндɵй жайнаган эжекебизди куттуктап келип калдык.
— Саламатчылык, рахмат келгиле.
— Эже, майрамдык маанайыңыз кандай? Биздин райондо жетекчилик кызматтагы айымдарыбыз саналуу эле экен, ошондуктан алгач эле сиздин мекемеңизге баш багып калдык, себеп дегенде сүйүү деген жазында күч алат эмеспи андыктан кɵптɵгɵн сүйүүлɵрдүн күбɵсү катарында, майрам алдында биринчилерден болуп сиз менен маектешүүнү чечтик.
— Рахмат, мен да силер жогоруда айтып кеткениңердей сүйүү болбосо адам болуш кыйын деп айткым келет. Себеби сүйүүнүн көп тарабы бар мисалга ала турган болсок, Мекенди сүйүү, ата-эне, бир тууганга болгон сүйүү жана башка жакшы нерселерге болгон сүйүүлɵр. Ал эми сүйүү менен сүйүнүч экɵɵбүн бир тууган десем болот. Сүйүүнүн артынан дайым сүйүнүч күтүлɵт. Себеби эки жаш сүйүү менен баш кошуп бизге кайрылса, жыл айланбай кайра сүйүнүч менен бизге кайрылат, себеби алгач нике күбɵлүгүнɵ ээ болушат, кийинки жылы баласынын туулгандыгы тууралуу күбɵлүк алуу үчүн кайра биздин мекемеге баш багышат. Бирок бардык нерсенин да ак –карасы же болбосо оң – терси болот дегендей, сүйүүнүн баркына жете албай үй-бүлɵнүн бузулушу мени аябай ɵкүндүрɵт.
— Анара эже, айтсаңыз сиз жетектеген мекемеде жарандардын каттоонун канча түрүн каттоодон ɵткɵрɵсүздɵр?
— Биздин ЖААК бɵлүмүндө каттоолордун 8 түрү боюнча каттоо жүргүзɵбүз. Тактап айта турган болсом, төрөлгөндөр боюнча, фамилиясын кайра алмаштыруу, никелештирүү, атталыгын аныктоо, кайра калыбына келтирүү, багып алгандар, ажырашкандар, каза болгондор боюнча катоо жүргүзɵбүз. Мындан тышкары 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып жеке персоналдык идентификациялык номерди актуалдаштыруу, эсепке алуу, сактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет ɵлкɵлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга ыйгаруу боюнча биздин кызматка ɵткɵрүлүп берилген. 2016-жылдын 6-октябрындагы № 212 тескеменин негизинде жогоруда атталган кызматтар боюнча жоболор бекип, ошол бекитилген жоболордун негизинде иш алып баруудабыз.
— Алгач, каттоолор боюнча сɵзүбүздү уласак. Айтсаңыз сиз жогоруда айткан каттоолор боюнча 2016-жылга карата кɵрсɵткүч сандар кандай болду?
— Кɵрсɵткүч боюнча айтып ɵтсɵм, районубузда 2016-жылда тɵрɵлгɵн ымыркайлар -1346, каза болгондордун саны – 294, никелешүү боюнча – 420, ажырашуу – 294, фамилиясын кайра алмаштыргандар – 423, багып алуу — 20, аталыгын аныктоо – 256, калыбына келтирүү катталган жок.
— Жогоруда кошумча дагы жаӊы кызмат катарында жеке персоналдык идентификациялык номерди актуалдаштыруу, эсепке алуу, сактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет ɵлкɵлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга ыйгаруу боюнча иш алып барып жатабыз деп билдирип өттүӊүз, ошол кызматтар боюнча айтып өтсөӊүз.
— Туура бул ишти негизинен бизден мурун социялдык фонд башкармалыгы иш жүзүнө ашырчу. Ал эми кененирек жобого ылайык айтып өтсөм. Жалпы жоболордун негизинде, жеке идентификациялык номерди актуалдаштыруу, эсепке алуу, сактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ыйгаруу тартибин аныктайт. Ал эми персоналдык идентификациялык номер(ПИН) берилет. Пиндин бир нече түрлөрү жана ошол ПИНди ыйгаруу тартибтери бар, түрлөрү боюнча айтып кетсем, көйгөйлүү ПИН, тартиби боюнча ПИНди ыйгаруу тартиби, Кыргыз Республикасынын жарандарына ПИН ыйгаруу тартиби, Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары турган Кыргыз Республикасынын жарандарына ПИН ыйгаруу тартиби, Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ПИН ыйгаруу тартиби, Кайрылман күбөлүгү болгондо ПИН ыйгаруу тартиби, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган чет өлкөлүк жарандарга ПИН ыйгаруу тартиби. Документтештирбеген жарандарга ПИН ыйгаруу тартиби, Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган жарандарга ПИН ыйгаруу тартиби, Эркиндигинен ажыратуу жайларында жана укук коргоо органдарынын тергөө камак жайларында(СИЗО) отурган жарандарга ПИН ыйгаруу тартиби, 16 жашка чыга элек балдарга ПИН ыйгаруу тартиби, көйгөйлүү ПИНди актуалдаштыруу тартиби.Тартиптерден тышкары дагы ПИНди ыйгаруу тууралуу күбөлүк, ПИНдин маалыматтар базасын актуалдаштыруу боюнча чаралар, ПИНди сактоо деген функциялары иштейт.
— Көйгөйлүү ПИН деп айтып өттүӊүз ошол функциясына жана 16 жашка чыга элек балдарга ПИН ыйгаруу тартиби боюнча кененирек маалымат берип өтсөӊүз.
— Көйгөйлүү ПИН деп, эки же андан ашык жарандарга ыйгарылган ПИН жана же бир эле жаранда болгон бир нече ПИН, ошондой эле ПИН ыйгарууда жол берилген фамилиядагы, аттагы, атасынын атындагы каталар жана/же так эместиктер. Ал эми 16 жашка чыга элек балдарга ПИН ыйгаруу тартиби боюнча бир нече түшүндүрмө берип өтсөм, 16 жашка чыга элек балдарга ПИН алууга арыз жашы жеткен адам тарабынан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана өзүнүн инсандык тастыктоо документин берүү менен ЖААКдын аймактык бөлүмүнө берилет. Экинчиден Жашы жете элек адамдар үчүн ПИН алууга арыз мектеп же мектепке чейинки мекемелер тарабынан дагы берилет. ПИН алууга арыз жана балдардын инсандыгын тастыктоочу документтердин, көчүрмөлөрүкоштомо кат менен мекемелер тарабынан мекеменин катталган жери же иш жүргүзгөн жери боюнча ЖААКтын аймактык органдарына берилет.ПИН ыйгаруу туралуу күбөлүк жарандардын кайрылган жери боюнча же болбосо мекеменин катталган жери боюнча ЖААКтын аймактык бөлүмү тарабынан берилет. Арыз 16 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде толтурулат. Эгерде ата-эненин экөө теӊ же ата-эненин бири чет өлкөлүк жаран болуп саналс, ал эми баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү Кыргыз Республикасында берилсе, ПИН балага жарандыгын көрсөтпөстөн ыйгарылат. Ата-эненин экөөбү теӊ чет өлкөлүк жарандар болуп саналса, ал эми баланын туулгандгы тууралуу күбөлүгү чет мамлекетте берилсе, ПИН баланын жарандыгы көрсөтпөстөн.
— Анара эже эл үчүн пайдалуу маалматтарды берип өткөнүӊүзгө тереӊ ыраазычылыгыбызды билдирип өтөбүз. Анда маегибиздин аягында жадыраган жаз майрамдын алдында айымдарга болгон каалооӊуз.
— Рахмат. Айымдардын жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын, жаз күнүндөй жаркырап жүрө беришсин демекчимин.
Рамис Темиралиев
Жаны комментарийлер